Путин Аяз атанын "адвокаты" болгусу келип, хайпты жактырганда

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Жазылуу
Жаңы жыл майрамынын каарманы Аяз атага нааразы болгон санкт-петербургдук киши аны сотко бере турганы боюнча маалымат буга чейин тараган.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Аяз атанын адвокаты болууну чечти.
Россия лидеринин жыл сайын өтүүчү маалымат жыйынында ага журналист Аяз атаны сотко берүүгө камынган юрист туурасында собол узатты. Анын берген суроосуна караганда, аталган юрист 23 жылдан бери жаңы жылдын башкы каарманы ага белек бербей келгенине нааразы болгон.
Журналист акыркы учурда "өзүн пиар кылыш үчүн каалаган темасына хайп кылган адатка өтүп алышканына" да нааразы болгон.
Россия лидери Аяз атанын адвокаты боло аларын айтып, доо арызын жазган кишиге жаңы жылдын каарманы кандай балдардын суранычын аткарарын эскерткен.
"Ал (доогер) өзүнүн кылыгын анализдеп, Аяз ата ага эмнеге белек бербей жатканын ойлонуп көрсүн. Бул жактоонун негизги багыты болмокчу. Ал эми менин өзүмө келе турган болсок, Аяз атага азыркы турушумда сиз менен ким катары сүйлөшүп жатканым үчүн ыраазымын. Андан сырткары, Россия элине бул кызматты мага ишенип тапшырганына ыраазымын", — деген Путин.
Хайп тууралуу да пикирин билдирген.
"Ал эми хайп тууралуу айта турган болсом, башкысы кара өзгөй болбош керек. Эгерде юмордун кандайдыр бир бөлүгү катылса, бул жерде жаман деле эч нерсе жок", — деген Путин.
Эске салсак, Вологда облусунун соту россиялык жарандын доосу менен Аяз атага 10 миллион рубль, 23 белек жана кыялын аткарып берүү боюнча чечим чыгарган. Ал жаңы жылдын башка каарманы суранычын, тилектерин орундатпай, өзүнө тапшырган милдетти аткарбай жатат деп нааразы болгон.
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Путин АКШлык журналист айымга комплимент айтты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0