Нарында эртең менен жер титиреди

© AFP / PETER STEFFENСейсмограф көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Министрликтин маалыматына караганда, жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун билдиргенине караганда, жер саат 07:59да силкинген.
"Нарын районунун Куланак айылында жер титирөө 3,5 балл, Достук, Учкун айылдарында 3 балл, Ак-Булак айылында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.
Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Талкаланган үйлөр, уранды алдынан табылган кишилер. Гаитидеги зилзаладан 12 сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Талкаланган үйлөр, уранды алдынан табылган кишилер. Гаитидеги зилзаладан 12 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0