Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда "омикрон" кездеше элек. Лаборатория жыйынтыгы күтүлүүдө

© AFP / NOAH SEELAMМедициналык кызматкер коронавируска тест учурунда. Архив
Медициналык кызматкер коронавируска тест учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Министрдин орун басары былтыр өлкөдө 2-3 лаборатория болсо, быйыл алардын саны 17ге жеткенин айтты.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстанда азырынча коронавирустун "омикрон" штаммы аныктала элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов
Заместитель министра здравоохранения Улук-Бек Бектурганов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов
"Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы каттала элек. Үлгүлөрдү Новосибирскке жөнөтүп, анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Жыйынтыгы ушул жуманын этегинде же кийинки жуманын башында белгилүү болот", — деди Бектурганов.
Ал министрлик коронавирустун бул түрүнө каршы турууга даяр экенин белгиледи.
"Оорукана, лаборатория жана башка медициналык мекемелер толугу менен даяр. Былтыр өлкөдө 2 миң ПЦР-иликтөө жасасак, быйыл бул көрсөткүч 12 миңден 18 миңге жетти. Былтыр 2-3 эле лаборатория болсо, азыр алардын саны 17ни түзөт. Мындан сырткары, бардык облуста 10 лаборатория салынып жатат. Алар жаңы технология менен иш алып бармакчы" — деди министрдин орун басары.
Бектурганов аэропорт жана темир жол бекеттеринде коронавирус менен күрөшүүгө багытталган санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталганын кошумчалаган.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Изилдөө "Спутник V" вакцинасы "омикрон" штаммынан сактай аларын көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0