https://sputnik.kg/20211223/medicinalyk-okuu-zhaj-zhabuu-1060671518.html
Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайларды жабуу сунушталууда. Себеби
Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайларды жабуу сунушталууда. Себеби
Sputnik Кыргызстан
Эксперт айрым окуу жайлардын айынан Кыргызстандагы медициналык билим берүү жапа чегип жатканын айткан. 23.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-23T15:26+0600
2021-12-23T15:26+0600
2021-12-23T15:27+0600
кыргызстан
медицина
лицензия
окуу жай
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/103283/45/1032834522_0:255:3187:2048_1920x0_80_0_0_90472b5db4ebf23be2061c7027332083.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ведомство аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстанда лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга туура келбеген медициналык окуу жайларды жабуу сунушу киргизилет. Бул тууралуу Президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия жерлерди трансформациялоо же чет элдик жарандар окуган медициналык окуу жайлардагы билим сапаты сыяктуу так маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн.Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы эксперти Айдарбек Мамбеткадыров медициналык окуу жайлардын айрымдары мышык ыйлаарлык абалда деген. Ал ведомстволор аралык комиссиянын иши чет өлкөлүк студенттер билим алган медициналык ЖОЖ менен факультеттерге багытталганын белгилеген. Мында көбүнчө Индия менен Пакистандан келген студенттер окушат. Мамбеткадыровдун айтымында, акыркы жылдары чет өлкөлүктөргө билим берүү сапаты төмөндөп, бул тармак бизнеске айланып кеткен."Биз бардык 21 медициналык окуу жайды текшердик. Андан Бишкек менен Чүйдөгүлөрү өттү. Кийинки этап — түштүк аймак. Текшерүүдө биз эмнени көрдүк? Аккредитациядан өтүп, лицензия алуудан кайсы бир ЖОЖ (көбүнчө жеке менчиктер) өздөрүн кагазда жакшы кылып көрсөтөт. Бирок ишке келгенде алардын жарымынын материалдык базасы лицензияда көрсөтүлгөн стандарттарга дал келбейт", — деди Мамбеткадыров.Эксперт айрым окуу жайларда эң эле жөнөкөй микроскоп же муляж жок экенин айтып, кээ биринде керектүү нерсенин баары бар, бирок аларды аяп студенттерге айрым күндөрү гана берерин кошумчалаган.Ал лицензия бергенден кийин медициналык окуу жайларды текшерүү керектигин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20211218/stduentterdin-ukuktary-1060447891.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103283/45/1032834522_237:0:2968:2048_1920x0_80_0_0_e466437a1da2837b86d4ee1606ed7ff0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, медицина, лицензия, окуу жай
кыргызстан, медицина, лицензия, окуу жай
Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайларды жабуу сунушталууда. Себеби
15:26 23.12.2021 (Жаңыртылды: 15:27 23.12.2021) Эксперт айрым окуу жайлардын айынан Кыргызстандагы медициналык билим берүү жапа чегип жатканын айткан.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ведомство аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстанда лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга туура келбеген медициналык окуу жайларды жабуу сунушу киргизилет. Бул тууралуу Президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия жерлерди трансформациялоо же чет элдик жарандар окуган медициналык окуу жайлардагы билим сапаты сыяктуу так маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн.
"Текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин сунуш берилет. Медициналык окуу жайлар боюнча лицензиялык да, аккредитациялык да талапка такыр жооп бербегендерин жабуу сунушталат. Айрым ЖОЖдор студенттерден жөн эле акча алып, бирок аларга жетиштүү билим бербей же окуусуна шарт түзүп бербей жатышат", — деди Муканова.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы эксперти Айдарбек Мамбеткадыров медициналык окуу жайлардын айрымдары мышык ыйлаарлык абалда деген. Ал ведомстволор аралык комиссиянын иши чет өлкөлүк студенттер билим алган медициналык ЖОЖ менен факультеттерге багытталганын белгилеген. Мында көбүнчө Индия менен Пакистандан келген студенттер окушат. Мамбеткадыровдун айтымында, акыркы жылдары чет өлкөлүктөргө билим берүү сапаты төмөндөп, бул тармак бизнеске айланып кеткен.
"Биз бардык 21 медициналык окуу жайды текшердик. Андан Бишкек менен Чүйдөгүлөрү өттү. Кийинки этап — түштүк аймак. Текшерүүдө биз эмнени көрдүк? Аккредитациядан өтүп, лицензия алуудан кайсы бир ЖОЖ (көбүнчө жеке менчиктер) өздөрүн кагазда жакшы кылып көрсөтөт. Бирок ишке келгенде алардын жарымынын материалдык базасы лицензияда көрсөтүлгөн стандарттарга дал келбейт", — деди Мамбеткадыров.
Эксперт айрым окуу жайларда эң эле жөнөкөй микроскоп же муляж жок экенин айтып, кээ биринде керектүү нерсенин баары бар, бирок аларды аяп студенттерге айрым күндөрү гана берерин кошумчалаган.
"Катуу чара көрбөсө, бул эл аралык аренада мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирет. Айрым окуу жайлардын айынан Кыргызстандагы медициналык билим берүү жапа чегип калууда. Өлкөдө жакшы окуу жайлар дагы бар", — дейт эксперт.
Ал лицензия бергенден кийин медициналык окуу жайларды текшерүү керектигин кошумчалаган.

18 Бештин айы 2021, 16:21