Бишкекте күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги ири өрт жердеги ӨКМ кызматкери
Бишкектеги ири өрт жердеги ӨКМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Өрттүн жалпы аянты, материалдык зыяндын көлөмү жана келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды. Кырсыктан жабыркагандар жок.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкекте күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бүгүн, 21-декабрда, Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде жайгашкан кампа өрттөнгөн. Аны өчүрүүгө ӨКМдин беш өрт өчүрүүчү бөлүмү, бир суу ташуучу унаа, штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, ИИМ, Тез жардам кызматкерлери тартылган.
Өрттүн жалпы аянты, материалдык көлөмдүн зыяны жана келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды. Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор катталган эмес.
Бишкектеги ири өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Бишкектеги ири өрт кырсыгы. Эки жыл мурда да ушул эле кампадан өрт чыккан
Бишкектеги ири өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Бишкектеги күйүүчү май сакталган кампадагы өрттүн асмандан көрүнүшү
Жаңылыктар түрмөгү
0