Бишкектеги саймачылар сынагына окуучулардан чоң энеге чейин катышты. 14 ирмем

Жазылуу
Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында үчүнчү ирет республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" иш-чарасы өтүп, ага балдардан тарта чоңдорго чейин катышты. Арасында жигиттер да болду.
Сынакты "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурду. Мындай иш-чара Бишкек калаасында үчүнчү ирет болуп жатат.
Уюштуруучулар муну менен саймачылыкты жандандыруу максатын койгон. Иш-чарада керме саймачылар жана 2021-жылы тигилген белдемчилер боюнча сынак болду.
Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова ээледи.
Чемпионатта, салт болуп калгандай, сайма боюнча өткөн жылдагы сынактын жеңүүчүсү Диляра Орозалиева быйылкы жеңүүчү Эркайым Асанбековага эстафета-чапанды тапшырды. Эми Асанбекова аны сактап, келерки жылдагы жеңүүчүгө өткөрүп бермекчи. Айтмакчы, ар бир финалист чапанга өзүнүн атын сайып калтырышы керек.
Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.
Уюштуруучулар быйылкы сайма чемпионатына катышкандардын эң улуусу пенсия курагындагы чоң эне, ал эми эң кичүүсү 5-класстын окуучусу болгонун айтышты.
Андан сырткары, Тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, панолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Улуттук тарых музейинде "Сайма чемпионаты-2021" сынагы өтүп, ага алдын ала арыз берген каалоочулар катышты

Улуттук тарых музейинде "Сайма чемпионаты-2021" сынагы өтүп, ага алдын ала арыз берген каалоочулар катышты - Sputnik Кыргызстан
1/14

Улуттук тарых музейинде "Сайма чемпионаты-2021" сынагы өтүп, ага алдын ала арыз берген каалоочулар катышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Саймага кызыккандардын арасында, албетте, улуу муундардын өкүлдөрү болду. Негизи бул өнөрдү аздектеп, баалап, жаштарга өткөрүп берчүлөр да апалар, чоң энелер.

Саймага кызыккандардын арасында, албетте, улуу муундардын өкүлдөрү болду. Негизи бул өнөрдү аздектеп, баалап, жаштарга өткөрүп берчүлөр да апалар, чоң энелер. - Sputnik Кыргызстан
2/14

Саймага кызыккандардын арасында, албетте, улуу муундардын өкүлдөрү болду. Негизи бул өнөрдү аздектеп, баалап, жаштарга өткөрүп берчүлөр да апалар, чоң энелер.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Уюштуруучулар ар бир катышуучуга иш-чарага белдемчи кийип келүүсүн эскертишкен

Уюштуруучулар ар бир катышуучуга иш-чарага белдемчи кийип келүүсүн эскертишкен - Sputnik Кыргызстан
3/14

Уюштуруучулар ар бир катышуучуга иш-чарага белдемчи кийип келүүсүн эскертишкен

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Иш-чара быйылкы жылдагыны эске алганда үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат

Иш-чара быйылкы жылдагыны эске алганда үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат - Sputnik Кыргызстан
4/14

Иш-чара быйылкы жылдагыны эске алганда үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Сайма саюу чемпионатына аялдардан сырткары, колу жөндөмдүү жигиттер да катышты

Сайма саюу чемпионатына аялдардан сырткары, колу жөндөмдүү жигиттер да катышты - Sputnik Кыргызстан
5/14

Сайма саюу чемпионатына аялдардан сырткары, колу жөндөмдүү жигиттер да катышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жаштардын саймага кызыкканы кубантарлык, көңүл жылытарлык көрүнүш

Жаштардын саймага кызыкканы кубантарлык, көңүл жылытарлык көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
6/14

Жаштардын саймага кызыкканы кубантарлык, көңүл жылытарлык көрүнүш

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Берилген убакыт аралыгында ар бир катышуучу кездемени керип, берилген темага жараша өзүнүн оюусун чийип, ага саймасын түшүрдү

Берилген убакыт аралыгында ар бир катышуучу кездемени керип, берилген темага жараша өзүнүн оюусун чийип, ага саймасын түшүрдү - Sputnik Кыргызстан
7/14

Берилген убакыт аралыгында ар бир катышуучу кездемени керип, берилген темага жараша өзүнүн оюусун чийип, ага саймасын түшүрдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

"Кийиз дүйнөнүн" логотиби түшүрүлгөн илме шибеге менен иштеп жаткан саймачы

"Кийиз дүйнөнүн" логотиби түшүрүлгөн илме шибеге менен иштеп жаткан саймачы - Sputnik Кыргызстан
8/14

"Кийиз дүйнөнүн" логотиби түшүрүлгөн илме шибеге менен иштеп жаткан саймачы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Мурдагы саймачылар көлөмү чоң болгон туштуктарды көз майын коротуп, түрлөп сайып келишкен. Ийне-жиптин жардамы менен сонун эмгектер жаралган.

Мурдагы саймачылар көлөмү чоң болгон туштуктарды көз майын коротуп, түрлөп сайып келишкен. Ийне-жиптин жардамы менен сонун эмгектер жаралган. - Sputnik Кыргызстан
9/14

Мурдагы саймачылар көлөмү чоң болгон туштуктарды көз майын коротуп, түрлөп сайып келишкен. Ийне-жиптин жардамы менен сонун эмгектер жаралган.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Иш-чараны жанданткан жана кызыктуу кылган таланттар менен көзгө сонун көрүнгөн белдемчилер

Иш-чараны жанданткан жана кызыктуу кылган таланттар менен көзгө сонун көрүнгөн белдемчилер - Sputnik Кыргызстан
10/14

Иш-чараны жанданткан жана кызыктуу кылган таланттар менен көзгө сонун көрүнгөн белдемчилер

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Калыстар тобу сынакка катышкан саймачылардын эмгегин карап, баалап жатат

Калыстар тобу сынакка катышкан саймачылардын эмгегин карап, баалап жатат - Sputnik Кыргызстан
11/14

Калыстар тобу сынакка катышкан саймачылардын эмгегин карап, баалап жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып, II орунду ээлеген Кундуз Абдыкеева

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып, II орунду ээлеген Кундуз Абдыкеева - Sputnik Кыргызстан
12/14

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып, II орунду ээлеген Кундуз Абдыкеева

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Чемпионатта III орунду ээлеген Нургүл Жээнбекова

Чемпионатта III орунду ээлеген Нургүл Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
13/14

Чемпионатта III орунду ээлеген Нургүл Жээнбекова

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду жана белдемчи боюнча сынакта II орунду алган Эркайым Асанбекова

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду жана белдемчи боюнча сынакта II орунду алган Эркайым Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
14/14

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду жана белдемчи боюнча сынакта II орунду алган Эркайым Асанбекова

Жаңылыктар түрмөгү
0