Борбор Азия мамлекеттери музей боюнча виртуалдык долбоорго катышат

© Фото / Музей АлтГУЭкспонат виртуального музея "Большой Алтай – прародина тюрков"
Экспонат виртуального музея Большой Алтай – прародина тюрков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жазылуу
Адистердин айтымында, виртуалдык музей мектептеги тарых сабагына, жогорку окуу жайлардагы лекцияларга кошумча окуу куралы болуп, ошондой эле окумуштуулар менен Борбор Азия тарыхын жакшы көргөндөргө кызыктуу материал болмокчу.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музей өзүнүн коллекциясын 3D экспонаттар менен толтуруп жатат. Бул үчүн окумуштуулар жети музейдеги 70 артефактыны санариптештирди. Адистер келечекте Борбор Азиядагы кесиптештери менен кызматташууну пландап жатышат. Бул тууралуу Алтай мамлекеттик университетинин "Чоң Алтай" алтаистика жана түркология илим-изилдөө борборунун маалымат кызматы билдирди.
© Фото / Музей АлтГУ"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Экспонаты виртуального музея Большой Алтай – прародина тюрков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Адистердин айтымында, Чоң Алтайдын аймагында түрк мезгилиндеги жүздөгөн эстеликтер бар. XIX кылымдан бери окумуштуулар Борбор Азия мамлекеттеринде археологиялык казууларды жүргүзүп келет.
© Фото / Музей АлтГУ"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Экспонаты виртуального музея Большой Алтай – прародина тюрков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
"Казуу учурунда табылган материалдар дүйнөнүн көптөгөн музейлерине коюлган. Бул түрк дүйнөсү менен байланышкан уникалдуу коллекциялары бар ондогон ири уюмдар болуп эсептелет. Буга байланыштуу адистерге экспонаттар менен таанышып, түрктөрдүн маданиятын бирдиктүү комплексте көрсөтүүгө оор болуп жатат. Биздин долбоордун максаты ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган", — деди Алтайдын археология жана этнография музейинин директору, "Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" виртуалдык музейинин түзүүчүсү Ярослав Фролов.
© Фото / Музей АлтГУ"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Экспонаты виртуального музея Большой Алтай – прародина тюрков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Адистердин айтымында, виртуалдык музей мектептеги тарых сабактарына, жогорку окуу жайлардагы лекцияларга кошумча окуу куралы болуп, ошондой эле окумуштуулар менен Борбор Азия тарыхын жакшы көргөндөргө кызыктуу материал болмокчу.
© Фото / Музей АлтГУ"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Экспонаты виртуального музея Большой Алтай – прародина тюрков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
"Мындай виртуалдык музейдин ачылышы — илимий ишкердик үчүн чоң жетишкендик. Пандемия шартында жана жолдун узактыгынан улам сыртка чыга албаган окумуштуулар кызыктуу артефактылар менен сайттан тааныша алат. Мындан тышкары, бул тарых факультетинде, археологиялык жана этнографиялык адистиктер боюнча билим алган студенттерге эң мыкты окуу куралы. Музей Алтайдан, Новосибирскиден жана Казакстандан экспонаттарды топтоду. Ал жактан биздин дагы экспонаттарды көргүбүз келет", — деди тарых жана аймактарды таануу факультетинин деканы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Туратбек Сырдыбаев.
© Фото / Музей АлтГУ"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Экспонаты виртуального музея Большой Алтай – прародина тюрков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Учурда виртуалдык музейде экспонаттардын 60 үлгүсү коюлду. Фроловдун айтымында, келечекте Кыргызстан менен Өзбекстандын музейлериндеги адистер менен кызматташуу пландалып жатат.
© Фото / Музей АлтГУ"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
Экспонаты виртуального музея Большой Алтай – прародина тюрков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
"Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" деген виртуалдык музейдин экспонаттары
"Биз долбоорго кошулгубуз келет. Жакында эле Кыргыз улуттук тарых музейи ачылды. Анын коллекциясында баалуу артефактылар бар. Анан, албетте, биздин университеттин музейин дагы айта кетпесе болбойт. Биздин окумуштуулар казуу иштерине чыгып турушат, коомчулукка балбал таш менен орхон-енисей рун жазууларын көрсөтмөкпүз. Мындай жазуулар Алтайдан гана табылган", — деди Сырдыбаев.
Виртуалдык музей "Чоң Алтайдагы түрк-монгол дүйнөсү: тарыхтагы жана учурдагы биримдик жана көп түрдүүлүк" долбоорунун алкагында Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен түзүлгөн.
1,5 млрд. сомго реконструкция болгон Тарых музейи кандай өзгөргөн? Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
1,5 млрд. сомго реконструкция болгон Тарых музейи кандай өзгөргөн? Видео
Алтай мамлекеттик университетинин мугалимдери сабак учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Кудум окумуштуулардай! Кыргызстандык окуучулар Чоң Алтай чөлкөмүн изилдешет
Жаңылыктар түрмөгү
0