Кудум окумуштуулардай! Кыргызстандык окуучулар Чоң Алтай чөлкөмүн изилдешет

© Фото / информационный центр НОЦ алтаистики и тюркологии "Большой Алтай"Алтай мамлекеттик университетинин мугалимдери сабак учурунда
Алтай мамлекеттик университетинин мугалимдери сабак учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Жазылуу
Тарыхый изилдөө жүргүзүп, долбоор жазып, топ ичинде иштеп, көз карашын так жана туура жеткирип, фактыларды өз ойлорунан ажырата билүүнү өлкөнүн окуучулары жаңы факультативдерде өздөштүрө баштайт.
Кыргызстандын мектептерине чөлкөм таануу боюнча жаңы факультативдик курстар киргизилди. Бул үчүн Алтай мамлекеттик университетинин "Чоң Алтай" алтаистика жана түркология илим-изилдөө борборунун адистери, ошондой эле кыргыз жана казак жогорку окуу жайларынын эксперттери педагогдор үчүн усулдук окуу-колдонмосун иштеп чыгышты.
Окуучулар он курстун бирин тандап, түрк элдеринин тарыхын, маданиятын, экономикасын жана өнүгүшүнүн башка векторлорун терең изилдешет. Бул тууралуу аталган курстардын авторлору билдирүүдө. Эксперттердин айтымында, Чоң Алтай ири чөлкөмүнүн аймагын бүгүн 200 чакты улут байырлап, бир нече заманбап мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да жайгашат.
Ири чөлкөмдүн бардык өлкөлөрүн түрк элдеринин маданий бай мурасы бириктирип турат, аны аздектеп кийинки муундарга өткөрүп берүү абдан маанилүү. "Чоң Алтай" алтаистика жана түркология илим-изилдөө борборунун, кыргызстандык жана казакстандык окуу жайлардын окумуштуулары мектеп мугалимдерине бул багытта кеңири усулдук сунуштамаларды иштеп чыгышкан. Документтин жардамы менен мугалимдер чөлкөм таануу боюнча сабактарды өткөрө алышат. Ал эми окуучулардын тандоосуна: өлкө таануу, искусство, эпос, география, социалдык медиада баарлашуу маданияты өңдүү жалпы он тема коюлат, көнүлдөрүнө төп келген бир курсту тандап алып, кеңири окууга киришет.
"Кыргызстанда окуу китептери тартыш. Ошондуктан адистер иштеп чыккан сунуштамаларда камтылган терең теориялык жана практикалык материалдар, ошондой эле тапшырма жана көнүгүүлөр топтому мугалимдерге өз усулдук ыкмаларын өрчүтүп, алардын педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүүгө өбөлгө болмокчу", — дейт Бишкектеги №24 мектеп-гимназиясынын директору Анара Абдураимова.
Иштелип чыккан программалар 11-класстарга негизделген. Курсту алып баруучу педагогдор сабактардын даяр планын гана албастан, окуучулардын жөндөмүн өрчүтүү, алардын чыгармачыл жана интеллектуалдык дараметин өстүрүү, ал тургай окуучулар жаңы билим алууга шыктана тургандай кылып сабакты кандай жерде өткөрүү керектиги боюнча да эксперттердин маанилүү сунуштарын да тыңдашты. Булардан тышкары, документ өз алдынча иштер үчүн даяр үй тапшырмаларды жана көзөмөл-баалоочу материалдарын камтыйт.
Здание Алтайского государственного университета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Россиялык ЖОЖ түрк дүйнөсү боюнча магистратурада акысыз билим алууга чакырат
"Курстун түзүлүшү жана мазмуну бир катар сабактар, атап айтканда, тарых, география, адабият боюнча да даярданууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле факультативдерде ушул предметтер боюнча окуучулардын бүйүрүн кызытып, жөндөмдөрүн өнүктүрө турган тереңдетилген программа да бар", — дейт Абдураимова.
Маселен, 10-класска арналган "Борбор Азия элдеринин маданияты" курсунун программасы окуучулардын өз элинин тарыхы жана үрп-адаттарына таянат. Бул багыт боюнча сабакта окуучулар кыргызстандык, россиялык, казакстандык жана монголиялыктардын искусствосун: Чоң Алтай өлкөлөрүндөгү улуттук жазууларды, оймо-чийме жана алардын маанисин, сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын жана жалпысынан көркөм чеберчилик салттарын кеңири изилдешет.
Жаңы предметтерди жеңил өздөштүрүү үчүн мугалимдерге Алтай мамлекеттик университети онлайн-режимде үч күндүк курс уюштурган. Уюштуруучулардын айтымында, Чоң Алтай чөлкөм таануу боюнча усулдук сунуштамаларга республиканын 42 мектеби, 15 окуу жай жана 3 колледжи тапшырган.
"Факультативдик курстарды ишке ашырууда пайдаланылган билим берүү технологиялары жеке аракет ыкмалары менен айырмаланат. Педагогдор окуучунун өз аракеттерине басым жасашат", – деп белгилейт Анара Абдураимова.
Эзелки түрк тарыхын айкындачу алтай казуулары окумуштуулардын талкуусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Эзелки түрк тарыхын айкындачу алтай казуулары окумуштуулардын талкуусунда
Окуучулар билимди даяр түрдө албастан, өз алдынча ишмердик жүргүзүү процессинде өздөштүрүшөт. Ой жүгүртүү, коммуникативдик жөндөм, изденүү аракети жана жалпы инсандыгын калыптандырууга багытталган тапшырмалар аркылуу жаңы билимдерге ээ болушат.
Факультативдерде окуучулар тарыхый изилдөө жүргүзүп, долбоор жазып, команда менен иштеп, көз карашын так жана туура жеткирип, фактыларды өз пикирлеринен айырмалай билүүгө үйрөнүшөт. Окуучунун кызыгуусун жаратуу жана чыгармачыл активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн виртуалдык реалдуулук, геймификация жана жасалма интеллект колдонулат. Булардан сырткары, ар бир программанын мугалимдер окуучуларга тарата турган кошумча адабият жана интернет-ресурстардын тизмеси бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0