Россияда иш издеген мигранттардын саны боюнча Кыргызстан 3-орунда турат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРеконструкция Центрального стадиона в Екатеринбурге к ЧМ-2018
Реконструкция Центрального стадиона в Екатеринбурге к ЧМ-2018 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Россияга жумуш издеп 600 миңден ашык кыргызстандык барган.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстан Россияга 2021-жылы иштегени барган мигранттардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты. Бул тууралуу ИИМдин статистикасына таянып RT кабарлады. 
Тагыраагы, январь-сентябрь айларында Россияга жумуш издеп 600 миңден ашык кыргызстандык кеткен.
Бул тизмеде биринде орунду Өзбекстан ээледи. Россияга барган өзбекстандыктардын саны быйыл 3 миллиондон ашты. Экинчи орунда 1,5 миллион адам менен Тажикстан турат.
Андан кийин Армения (300 миң) менен Азербайжан (200 миң) орун алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0