Кимге мандат берилет? Бир мандаттуу округдарда добуштар кол менен саналып бүттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүДобуш берип жаткан жаран. Архив
Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Эң көп добуш Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттарына, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин инисине жана атаандаштары жок жалгыз талапкерге берилген.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарында бюллетендердин 100 пайызы кол менен саналып бүткөнүн маалымдады. Анын жыйынтыгы АСУнун берген маалыматынан дээрлик айырмаланган эмес. Алгач алдыда бараткандардын бири да кол санактан кийин экинчи орунга түшүп калган жок.
Жарыштан утуп чыккандардын ичинен алтоо 20 миңден ашык добуш чогулткан. Алар Айбек Осмонов, Искендер Матраимов, Улан Примов, Шаирбек Ташиев, Айбек Алтынбеков, Бактыбек Сыдыков жана Элмурза Сатыбалдиев.
Белгилей кетсек, №12 Өзгөн шайлоо округунда Сатыбалдиев жалгыз талапкер болду. Атаандаштары Аалы Карашев менен Манасмиң Жумакадыр уулу кийинчерээк катышуудан баш тарткан. Ал эми эң аз добушту (4 257) Максатбек Сарыбагышев алган.

Бишкек шаары

  • № 26 Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров, 11 827 добуш (30,75%);
  • № 27 Биринчи май шайлоо округу — "Баарына каршы", 11 780 добуш (32.98%);
  • № 28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев, 17 474 добуш (47.55%);
  • № 29 Свердлов шайлоо округу — "Баарына каршы", 11 923 добуш (37.51%).

Баткен облусу

  • № 1 Лейлек шайлоо округу — Чыңгыз Ажибаев, 10 971 добуш (33.19%);
  • № 2 Баткен шайлоо округу — Нурлан Ражабалиев, 6 556 добуш (18.49%);
  • № 3 Кадамжай шайлоо округу — Ырысбек Атажанов, 6 047 добуш (16.33%);

Ош шаары, Ош облусу

  • №4 Көк-Жар шайлоо округу — Өмүрбек Бакиров, 11 411 добуш (32.68%);
  • №5 Ноокат шайлоо округу — Жусупбек Коргонбай уулу, 13 323 добуш (43.08%);
  • №6 Араван шайлоо округу — Жалолидин Нурбаев, 14 913 добуш (44.95%);
  • №7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов, 21 348 добуш (49.80%)
  • №8 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков, 18 882 добуш (40.96%);
  • №9 Кара-Суу шайлоо округу — Искендер Матраимов, 22 480 добуш (62.39%);
  • №10 Куршаб шайлоо округу — Данияр Төлөнов, 9 887 добуш (24.54%);
  • №11 Алай шайлоо округу — Улан Примов, 21 898 добуш (50.52%);
  • №12 Өзгөн шайлоо округу — Элмурза Сатыбалдиев, 21 933 добуш (72.71%).

Жалал-Абад облусу

  • № 13 Сузак шайлоо округу — Тазабек Икрамов, 11 912 добуш (31.54%);
  • № 14 Жалал-Абад шайлоо округу — Шаирбек Ташиев, 21 287 добуш (62.14%);
  • № 15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков, 23 779 добуш (61.48%);
  • № 16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков, 20 639 добуш (54.19%);
  • № 17 Аксы шайлоо округу — Нурлан Шакиев, 12 082 добуш (38.04%);
  • № 18 Ала-Бука шайлоо округу — Азизбек Турсунбаев, 11 279 добуш (37.54%);
  • № 19 Токтогул шайлоо округу — Кундузбек Сулайманов, 7 402 добуш (20.25%).

Талас облусу

  • № 20 Манас шайлоо округу — Дастанбек Жумабеков, 13 252 добуш (39.42%);
  • № 21 Талас шайлоо округу — Бактыбек Чойбеков, 10 378 добуш (34.65%).

Чүй облусу

  • №22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев, 8 932 добуш (28.18%);
  • №23 Москва шайлоо округу — Карим Ханджеза, 5 436 добуш (19.80%);
  • №24 Сокулук шайлоо округу — Аманкан Кенжебаев, 5 185 добуш (19.28);
  • №25 Аламүдүн шайлоо округу — Сеидбек Атамбаев, 7 976 добуш (26.03%);
  • №30 Ысык-Ата шайлоо округу — Акбөкөн Таштанбеков, 4 830 добуш (15.99%);
  • №31 Чүй-Кемин шайлоо округу — Медербек Саккараев, 10 152 добуш (24.78%).

Нарын облусу

  • № 32 Кочкор шайлоо округу — Мирлан Самыйкожо, 9 419 добуш (22.54%);
  • № 33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов, 19 978 добуш (53.48%).

Ысык-Көл облусу

  • №34 Жети-Өгүз шайлоо округу — Арсланбек Малиев, 7 337 добуш (18.39%);
  • №35 Ак-Суу шайлоо округу — Акылбек Түмөнбаев, 16 672 добуш (44.66%);
  • № 36 Ысык-Көл шайлоо округу — Максатбек Сарыбагышев, 4 257 добуш (14.61%).
Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин расмий түрдө жарыяланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0