12 градуска чейин жылыйт. Декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болуп, абанын температурасы кээде -10 градуска түшсө, жылыганда 12 градуска көтөрүлөт.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги кыш мезгилинин алгачкы айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
© Фото / Кыргызгидромет Декабрь айындагы абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура по Кыргызстану в декабре 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Декабрь айындагы абанын орточо температурасы
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
© Фото / Кыргызгидромет Декабрдагы жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков по Кыргызстану в декабре 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Декабрдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -1…-3 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…2 градустан -5…-10 градуска чейин суук, күндүз -2...3 градустан 12 градуска чейин жылышы ыктымал.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градустун тегерегинде болуп, күндүз 2…7 градустан 8…13 градуска чейин жылышы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болору күтүлүүдө.

Талас облусу

Көмүр кампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Буларда арзан эмес. Бишкекте көмүр саткан базалардын даректери

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп -2…-4 градус суук болушу ыктымал.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4...1 градустан 6…-11 градуска чейин суук, күндүз -3...2 градустан 6…11 градус болуп өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18 градуска чейин муздап, күндүз -4…-9 градуска чейин төмөндөшү ыктымал.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус сууктан 4 градуска чейин жылышы ыктымал. Күндүз 0...5 градустан 7…12 градуска чейин жылып, өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 градус, кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү божомолдонууда.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус суук болсо, күндүз 4 градуска чейин жылып, өзгөрүлүп турушу ыктымал.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 градус, айрым түндөрү суук -5…-10 градуска жетиши мүмкүн.

Баткен облусу

Техника жолдон кар көчкүнү тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Кар көчкү түшөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 0…5 градустан 7…12 градуска чейин жылышы ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 0…-2 градус суук, чыгышында -3…-5 градус суук болушу мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан -7…-12 градуска чейин суук, күндүз 3…8 градустун айланасында жылуу болору божомолдонууда.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -10…-12 градус, Кочкор районунда -7…-9 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -14…-19 градуска чейин суук, күндүз -2 градустан -4…-9 градуска чейин суук болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0