Кар көчкү түшөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүТехника жолдон кар көчкүнү тазалап жатат. Архив
Техника жолдон кар көчкүнү тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керек.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 29-ноябрга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралат:
  • Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу (55-чакырымдан 107-чакырымга чейин);
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр (219-237-чакырымдар);
  • Каракол — Эңилчек (74-85-чакырымдар — Чоң-Ашуу ашуусу).
Кар көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керек.
Эске салсак, Кыргызгидромет бейшемби күнү 26-27-ноябрда аба ырайы кескин сууктай турганы боюнча шашылыш билдирүү тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0