Президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР Садыра Жапарова с руководителями миссий международных наблюдателей
Встреча президента КР Садыра Жапарова с руководителями миссий международных наблюдателей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Өлкө башчы жарандар жана дүйнөлүк коомчулук шайлоонун жыйынтыгынын мыйзамдуулугунан күмөн санабашы үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн белгиледи.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту
Встреча президента КР Садыра Жапарова с руководителями миссий международных наблюдателей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту
Жапаров КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА, Түрк мамлекеттер уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, ошондой эле Өзбекстандын жана Грузиянын Борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилерине парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Бул шайлоодо атаандаштыкка жана ага катышууга бирдей шарттар түзүлдү. Парламентте коомдун бардык катмарларынын өкүлдөрүн камтуу үчүн мыйзамдарда аялдар, этникалык азчылыктар, жаштар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квота киргизилген", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле элдин биримдигин жана жаңы бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган коомдук-социалдык маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгилеген.
Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео
"Жогорку Кеңешке шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык, анын ичинде ЕККУга мүчө-мамлекеттердин копенгагендик милдеттенмелерин эске алуу менен өттү. Биздин жарандар жана дүйнөлүк коомчулук шайлоонун жыйынтыгынын мыйзамдуулугунан күмөн санабашы үчүн бардыгын жасайбыз. Бийлик биздин шайлоочулар тарабынан колдоого алынган Жогорку Кеңештеги бардык саясий партиялар менен иштешүүгө даяр", — деди президент.
Ал эми эл аралык байкоочулар мамлекет башчысын жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты. Алар шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн аткарылган иштер жогорку деңгээлде уюштурулганын кошумчалашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0