Канча кыргызстандык добуш берди? Саат 12:00гө карата маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековВыборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Учурда Ош шаары активдүүлүк көрсөтүүдө (катышуу 10,94 пайыз), ал эми Чүй облусу эң артта (7.81 пайыз) баратат.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Шайлоо участкалары ачылгандан кийин төрт сааттын аралыгында бирдиктүү шайлоо округу боюнча 339 785 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 9,17 пайызын түзөт.
Учурда Ош шаары активдүүлүк көрсөтүүдө (катышуу 10,94 пайыз), ал эми Чүй облусу эң артта (7.81 пайыз) баратат.
Бир мандатту округ боюнча 329 965 миң кыргызстандык же жалпы шайлоочулардын 9,12 пайызы катышты.
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби
Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Алардын баары Кыргызстанда эмес, 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдө жүрөт.
Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.
Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0