Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
БШКнын мүчөсү партияларга жана талапкерлерге кайрылып, бүгүнкү жооптуу күндө так жана мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Талапкерлерге карата ачылган кылмыш ишинде күнөөлүү экени аныкталса, шайлоодон утуп келсе да мандат берилбейт. Бул туурасында БШКнын мүчөсү, Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, учурда шайлоо мыйзамын бузуу боюнча 15 кылмыш иши катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
"Добуш берүү бүткөндөн 20 күндөн кийин БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарат. Ал аралыкта укук коргоо органдары кайсы бир талапкер мыйзам бузганы аныкталганы тууралуу толук маалымат берсе, биз анын каттоосун алып салабыз. Ага берилген добуштар да жокко чыгарылып, мандат берилбейт. Буга мыйзам жол берет, бизде мүмкүнчүлүк бар", — деди Шайназаров.
Мындан улам БШКнын мүчөсү партияларга жана талапкерлерге кайрылып, бүгүнкү жооптуу күндө так жана мыйзам чегинде иш алып баруу керектигин эскертти.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн-репортажынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0