Акчага жетпей, күң катары жашап калдым. Кайындарына таарынган келиндин каты

© Фото / Pexels / Kat SmithЫйлап жаткан аял. Архив
Ыйлап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет кайненесинен көңүлү калып, депрессиядан чүнчүп, ажырашууну көздөп жаткан келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы? Мен психологдон кеңеш алгым келет. Катуу стресс алып, депрессияга түшүп кеттим. Жардамыңыздар керек. Жаза берсем сөз көп. Кайнатам жок, кайненем мугалим. Кайын журтум жетиштүү турмушта жашайт. Жолдошум болгон акчасын батир алам деп чогултуп, мага бир тыйын карматпайт. Эки кызыбыз бар.
Турмушка чыкканыма төрт жыл болду. Кыздарым үчүн эле жашап жатам. Өзүм медицина тармагында окуп жүрүп, 4-курста турмушка чыктым. Кайын-журтум окутабыз деп сөз берген. Башында окуусу калып кетпесин деп контрактты ата-энем төлөдү. Андан сырткары, баскан-турганыма дагы акча берип турушту. Ошентип эптеп 4-курсту бүткөндө атам каза болуп калды. Андан бир жума өтүп төрөдүм. Баары ошондон кийин башталды. Кайын журтумдун мага болгон мамилеси дароо өзгөрүп, терс жактары күндөн-күнгө чыга баштады. Окуумду улантайын десем кызымды караганга киши жок. Энелик жүрөгүм чыдабай окууну таштаганга аргасыз болдум. Ошону менен окуудан жок же иштен жок үйдө отуруп калдым. Кайындарым акчасын аяп окутпай коюшту.
Азыр мага да, эки кызыма да керек болсо байпак алып беришпейт. Баарын апамдан ташыйм.
Кыскасы, кайненемдин каарынан качып кетким келет. Үйдө өзүмдү малайдай эле сезем. Мен буларга үй оокатын кылууга эле керекмин. Менин каалоом, сезимим менен эч ким эсептешпейт. Күйөөм болсо эркелетип, мага көңүл деле бурбайт. Кайненемдин жаман сөздөрүн уга берип чүнчүп да кеттим. Силерди мен багып жатам деп эле милдет кыла берет. Өзү жакшы акча табат.
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Күйөөгө энеси бардай узагым келет, бирок акчамды байкем сурап жатат. Кыздын каты
Ушу тапта өткөн-кеткенди эстеп, булардын жасаган мамилесин, заар тилин эстеп жинди болуп бүтмөй болдум. Кайненем, кайындарым кыздарымды эркелетип, жылуу сөз айтып коюшпайт. Кыздарым деле аларга жакын эмес.
Ыйлай берип тажадым, жолдошум менен кыздарым үчүн эле жашап келем. Кылган кызматыңа ыраазы болбосо эч нерсе жасагың деле келбей калат экен. Кайын-журттан ушунчалык көңүл калды, ажырашып кетейин дейм, бирок кыздарымды ойлойм. Өзүң акча таппай үйдө отурсаң, бирөөгө көз каранды болсоң кыйын экен. Эч жакка чыгарышпайт.
Андан көрө ажырашып өзүмдүн апама кыздарымды таштап, чет жакка чыгып иштеп келсемби деп көп ойлончу болдум. Бирок кыздарымдын атасыз өсүшүн да каалабайм.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

Психологго же атайын адиске барып көрүнбөгөндөн кийин "депрессиядамын же катуу стресстемин" деп бүтүм чыгарууга болбойт. Адамдардын ортосунда мамиле үзүлүп же жакындары менен таарынышып кеткенде деле адам ыйлап, капаланса ошондой белгилер боло берет. Ошол убакта атайын адистерге кайрылып, көйгөйдү так аныктап берсе гана реабилитациядан, психотерапиядан өтүү керек.
"Мен депрессия болдум" деп негативди чакыра берсе, көңүлү андан да чөгүп, жашоо оорлой берет. Адам чоңоюп, өзүнчө үй-бүлө курган соң "балдарымды эч ким жакшы көрбөй жатат" деп милдет кылуу да туура эмес. Сизди жолдошуңуз эркелетип, көңүл бурбай жатканын жазыптырсыз. Жакындарыңыздын эркелетишин күтпөй, өзүңүз деле эркелетип, аларга жакшы мамиле жасай беришиңиз керек. Анан ал да ошондой мамиле жасайт.
Ал эми окууңузду балдар бир аз чоңойсо, мезгилдин өтүшү менен улантса болот. Бир аз кыйынчылык болсо эле ажырашып, материалдык жагын ойлоп, кыздарды таштап алыска иштеп кетүүнү пландоо туура эмес деп ойлойм. Өзүңүз деле кыздарыңыз каралбай калганда окууну таштапсыз. Эми иштеп кетсеңиз, кыздар жабыркап, психикалык жараат алып калат. Үй-бүлөдө жакындар менен мамиле түзгөндү үйрөнүү керек. "Алар мени карабай койду, окутуш керек болчу" деп ойлогонуңузга да кошула албайм. Ар бир адам жакшы жашоосу, келечеги, кыялы үчүн өзү аракет кылышы керек.
Кучакташып турга жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Эңсеген аялды таптым, бирок балдарымды кантип кыям?.. Эркектин каты
Ошондой эле катта кайын журтуңуздун мамилесине чыдай албай калганыңызды жазып, кийин кыздарыңыз үчүн ажыраша албай жатканыңызды белгилепсиз. Менимче, сиз азыр оюңузду анализдей албай жатасыз. Кайрадан баарын жакшылап ойлонуп чыгышыңыз керек. Мүмкүн сиз психологго да жекече кайрылып көрөрсүз. Бирок алгач адам өзүн таанып, жакшы жактарын жана кемчилигин билип алганы оң. Адам өзүн анализдеп көргөндө маселе ачыгыраак көрүнөт. Күнөөнү бирөөгө оодарып жиберүү оңой. Себеби адамда дароо коргонуу механизмдери иштелип чыгат. Ооба, сиз окуп, бир кесиптин ээси болгуңуз келип жатыптыр. Муну кайненеңизге, жолдошуңузга жай түшүндүрүп, жылуу мамиле менен жайдары жеткирсеңиз мүмкүн алар да түшүнөр. Болбосо, кыздарыңыз бир аз чоңойгондо бала-бакчага берип же бир ыңгайлуу жолун таап окууңузду бүтүп аларсыз. Анткени бир кесипке ээ болуу жакшы нерсе. Үй-бүлөнү сактап калуу аялзатынын колунда. Анан балдарды таштап иштеп кетүүнү ойлогон бир аз өзүмчүлдүк болуп калат. Жалаң эле материалдык дүйнөгө басым жасап, акча табуу, үй салуунун артынан кетип, балдардын чоңойгонун ата-эне көрбөй, алар сагынганда, колдоого муктаж болгондо жанында болбой калса баланын ден соолугуна доо кетет. Бала психикалык жактан жабыркап калат. Андан көрө адам көп китеп окуп, жакшы нерселерди кыялданып, алдыга туура максат коюу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0