https://sputnik.kg/20211125/dior-chuulganduu-surot-uchun-kechirim-surady-1054731866.html
Dior кытайлыктардан чуулгандуу сүрөт үчүн кечирим сурады. Чоо-жайы
Dior кытайлыктардан чуулгандуу сүрөт үчүн кечирим сурады. Чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин интернет колдонуучулар Dior мода үйүн азиат аялдын портрети үчүн сынга алган. Аны кытайлык сүрөтчү аял Чэнь Мэн тартып, эмгек Шанхайдагы көргөзмөгө... 25.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-25T16:12+0600
2021-11-25T16:12+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
кытай
dior
модель
кечирим
суроо
фотограф
аял
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/19/1054728923_486:553:2635:1768_1920x0_80_0_0_bd895296e0238f0120143217878b08b8.jpg
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Франциялык Dior мода үйү азиялык аялдын сүрөтү үчүн кечирим сурады, аны Кытайдагы социалдык тармактын колдонуучулары өзгөртүлгөн, жагымсыз кылып жасалган деп сындап, нааразы болгон. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.Маалыматта фотограф Чэнь Мань кечирим сурагандыгы да кабарланган.Фотограф өзү да кытайлык экендигин, мекенин сүйөрүн билдирген. Эмгектеринде Кытайдагы сулуулукту, маданиятты чагылдырууга кылган умтулуусу, анын берген ыкмасы анча өнүгө электигине жана жеткиликтүү берилбей калганына кечирим сураган.Коомчулуктун кыжырын келтирген эмгек Шанхай шаарындагы Lady Dior көргөзмөсүнө коюлган. Анда кытайдын улуттук кийимин кийген, бети сепкил, көзү бүтүйгөн, маңдай чачы эки бөлүнүп, калган бөлүгү аркасына түйүлгөн аял Lady Dior сумкасын кармап турат. Сол колунун эки манжасына учтуу кара тырмактар тагылган.Жарнамалык кампаниянын айынан брендге аз жерден "бойкот" жарыяланып кете жаздады. Мисалы, Beijing Daily мамлекеттик гезитине "Dior мода үйүнүн баамында азиялык аял ушундайбы?" деген макала жарыяланды. Басылма франциялык фирмага каарын төгүп, сүрөт кытайлык керектөөчүлөрдү ыңгайсыз абалда калтырганын жазган.
https://sputnik.kg/20211120/moda-zhumalygy-fotolenta-1054670979.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/19/1054728923_0:62:3160:2048_1920x0_80_0_0_e87d225321018ea342d4132547364665.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, кытай, dior, модель, кечирим, суроо, фотограф, аял, мода үйү
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, кытай, dior, модель, кечирим, суроо, фотограф, аял, мода үйү
Dior кытайлыктардан чуулгандуу сүрөт үчүн кечирим сурады. Чоо-жайы
16:12 25.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Буга чейин интернет колдонуучулар Dior мода үйүн азиат аялдын портрети үчүн сынга алган. Аны кытайлык сүрөтчү аял Чэнь Мэн тартып, эмгек Шанхайдагы көргөзмөгө коюлган.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Франциялык Dior мода үйү азиялык аялдын сүрөтү үчүн кечирим сурады, аны Кытайдагы социалдык тармактын колдонуучулары өзгөртүлгөн, жагымсыз кылып жасалган деп сындап, нааразы болгон. Бул тууралуу
South China Morning Post басылмасы жазды.
Маалыматта фотограф Чэнь Мань кечирим сурагандыгы да кабарланган.
"Dior дайымкысындай эле кытай элинин сезимине урматтоо менен мамиле жасайт, кытай мыйзамдарын катуу сактайт жана коомчулуктун алдына алып чыккан эмгектерди текшерип, макулдук берүүсү үчүн тиешелүү департаменттер кызматташат. Эгерде кандайдыр бир жаңылыштык кетип калса, аны угуп, өз учурунда оңдоого дайым даярбыз. Dior компаниясынын кытай коомчулугуна жана продукцияларыбызды пайдалануучуларга болгон ниети таза жана жаман ою жок", — деп айтылган билдирүүдө.
Фотограф өзү да кытайлык экендигин, мекенин сүйөрүн билдирген. Эмгектеринде Кытайдагы сулуулукту, маданиятты чагылдырууга кылган умтулуусу, анын берген ыкмасы анча өнүгө электигине жана жеткиликтүү берилбей калганына кечирим сураган.

20 Жетинин айы 2021, 18:52
Коомчулуктун кыжырын келтирген эмгек Шанхай шаарындагы Lady Dior көргөзмөсүнө коюлган. Анда кытайдын улуттук кийимин кийген, бети сепкил, көзү бүтүйгөн, маңдай чачы эки бөлүнүп, калган бөлүгү аркасына түйүлгөн аял Lady Dior сумкасын кармап турат. Сол колунун эки манжасына учтуу кара тырмактар тагылган.
Жарнамалык кампаниянын айынан брендге аз жерден "бойкот" жарыяланып кете жаздады. Мисалы, Beijing Daily мамлекеттик гезитине "Dior мода үйүнүн баамында азиялык аял ушундайбы?" деген макала жарыяланды. Басылма франциялык фирмага каарын төгүп, сүрөт кытайлык керектөөчүлөрдү ыңгайсыз абалда калтырганын жазган.