https://sputnik.kg/20211124/ryskeldi-mombekovdu-zharyshtan-chettedi-1054718741.html
Диплом чырынан улам БШК Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти
Диплом чырынан улам БШК Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти
Sputnik Кыргызстан
Талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албаганына байланыштуу шайлоого катышуу укугунан ажыратылды. 24.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-24T17:15+0600
2021-11-24T17:15+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
жогорку кеңешке шайлоо 2021
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
рыскелди момбеков
талапкер
диплом
https://sputnik.kg/img/07e5/09/04/1053794153_0:164:3073:1902_1920x0_80_0_0_57de2e2539e056ac84688e60706645f2.jpg
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого "Социал-демократтар" партиясы менен катышып жаткан Рыскелди Момбековду жарышттан четтетти.БШКнын жумушчу тобу талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албаганына байланыштуу аны каттоодон чыгарууну сунуштады. Натыйжада БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен Момбеков шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.Белгилей кетсек, УКМК БШКга Рыскелди Момбеков Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" адистигин окуганы тууралуу дипломун мыйзамсыз алганын кабарлаган. Ал документтин негизинде Дипломатиялык академиядан “эл аралык мамилелер” адистигин сырттан окуп, экинчи дипломун алган. Шайлоо мыйзамынын жаңы эрежесине ылайык, жогорку билими жок жарандар парламенттик шайлоого катыша албайт. Момбеков талапкер катары катталып жатканда Дипакадемиядан алган дипломун көрсөткөн.Талапкер дипломун жасалмалаганын айтып УКМКга 2020-жылдын мартында Бакыт Шаршембиев кайрылган.Аталган жаран 2018-2019-жылдары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жетектеген. Буга чейин да ал Момбековду жалган маалымат тараткан деп 1 миллион сомдук доо койгон. Бирок Сокулук райондук соту 25 миң сом айып салган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/04/1053794153_0:68:3073:1998_1920x0_80_0_0_fdbec0d6646612e0ab4707d9d217d9f6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке шайлоо 2021, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, рыскелди момбеков, талапкер, диплом
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке шайлоо 2021, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, рыскелди момбеков, талапкер, диплом
Диплом чырынан улам БШК Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти
17:15 24.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албаганына байланыштуу шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого "Социал-демократтар" партиясы менен катышып жаткан
Рыскелди Момбековду жарышттан четтетти.
БШКнын жумушчу тобу талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албаганына байланыштуу аны каттоодон чыгарууну сунуштады. Натыйжада БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен Момбеков шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.
Белгилей кетсек, УКМК БШКга Рыскелди Момбеков Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" адистигин окуганы тууралуу дипломун мыйзамсыз алганын
кабарлаган. Ал документтин негизинде Дипломатиялык академиядан “эл аралык мамилелер” адистигин сырттан окуп, экинчи дипломун алган.
Шайлоо мыйзамынын жаңы эрежесине ылайык, жогорку билими жок жарандар парламенттик шайлоого катыша албайт. Момбеков талапкер катары катталып жатканда Дипакадемиядан алган дипломун көрсөткөн.
Талапкер дипломун жасалмалаганын айтып УКМКга 2020-жылдын мартында Бакыт Шаршембиев кайрылган.
Аталган жаран 2018-2019-жылдары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жетектеген. Буга чейин да ал Момбековду жалган маалымат тараткан деп 1 миллион сомдук доо койгон. Бирок Сокулук райондук соту 25 миң сом
айып салган.