Алай районунда таңга маал жер титиреди

© AFP / FREDERICK FLORINСейсмографтагы жер титирөөнүн көрсөткүчү. Архив
Сейсмографтагы жер титирөөнүн көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Жер титирөө Алайдын Иркештам, Нура жана Кара-Киндик айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Жер титирөө саат 06:49да катталган. Ал Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Нура жана Кара-Киндик айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0