00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Об экономике и не только
Рекордный товарооборот с Россией. Что это значит для Кыргызстана?
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Кыргыздын атактуу мушкеринин спорттук карьерасы — Олимпиада, дүйнө чемпионаты, спорттогу кыйынчылыктар
19:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
45 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде каралган тамак-аш кошулмаларын маркировкалоо стандарты жана процедурасы Кыргызстанга эмне берет?
23:07
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган мааракеде Кыргызстандын гимни өзгөртүлөрүн билдирди.Анын айтымында, учурдагы гимн эгемендүүлүктү алгандан кийин жазылган."Биз гимнди өзгөртөбүз. Аны кабыл алганда Советтер Союзунун курамынан чыккан маал болгон. Азыр биз толук бутуна турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошон үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек", — деди Шакиев.
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолун 2025-жылы жазда ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди.Ал жолдун узундугу 453 чакырым экенин эске салып, Көк-Арт ашуусундагы тоннелден башка бардык иштер бүткөнүн, ал жерде деле иштин 95 пайызы аяктап калганын айтты."Тоннелдеги курулуш иштерин ноябрга бүткөрүү пландалууда, бирок кышты эске алып, жолду 2025-жылы жазда ишке берүү пландалууда", — деди ал.Эске салсак, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ишке берилсе өлкөнүн түштүк аймагындагылар Балыкчыга 6 саатта жетип барышат.Аталган жол жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга оңтойлуу, жол киренин да арзандашы күтүлүүдө. Ошондой эле кендерге жана ГЭСтерге жетүүнү жеңилдетип, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабай ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарт түзбөгөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады. Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде коомдук жайда, транспортто жана башка жерлерде майыптарга шарт түзүлүшү керектиги белгиленген. "Иш жүзүндө мыйзамдардын жана курулуш стандарттарынын талаптары аткарылбай келет. Ушул көйгөйлөрдү чечүү максатында курулуш стандарттарын сактабаган тараптарга жоопкерчиликти күчөтүү сунушталат. Мунун негизинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын гана эмес, улгайган жарандардын жана жаш балалуу аялдардын да жашоо сапатын жакшыртуу максатталат", — деп айтылган маалыматта. Документке ылайык, курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабоо, анын ичинде имараттарда, курулуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө, жолдордо, көпүрөлөрдө, тротуарларда жана адамдар жүрө турган жерлерде майыптар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылбоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, пайдаланууга берүү жана кабыл алуу учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюудан баш тартуу үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.
Батыш мамлекеттеринин айрымдарындагы башаламандыктын артында Россия турат деген кеп суу кечпейт, Москванын колунда андай инструмент жок. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Казанда өткөн БРИКС саммитинин алкагында Босния жана Герцеговинанын жетекчиси Милорад Додик менен сүйлөшүү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды. РФ лидеринин айтымында, мунун баарын Батыш өз кызыкчылыгын таңуулап, башка мамлекеттерге карата кетирген фундаменталдык катасы үчүн жоопкерчиликтен качып, кандай болгон күндө да үстөмдүгүн сактап калуу үчүн жасап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0