00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
2025-жылы Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кезектеги коллегиялык жыйынында айтылды. Ведомстводон билдиришкендей, отурумдун жүрүшүндө өлкөнүн көп векторлуу тышкы саясатын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер, анын ичинде 2025-жылы Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Түрк мамлекеттери уюмунда боло турган төрагалыгынын приоритеттүү багыттары талкууланды. Анын алкагында даярдык көрүү иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, коллегиянын мүчөлөрү Кыргызстанды талапкерлигин эл аралык уюмдардын алкагында алдыга жылдыруу маселесин карашты. Отурумдун жыйынтыгы боюнча коллегиянын төрагасы, министр Жээнбек Кулубаев тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.
Өрт коопсуздугун бузгандарга миллион сомго чейин айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун ӨКМ даярдап, документ Жогорку Кеңешке келип түштү.Андагы сунуштар өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган. "2007-2022-жылдары өлкөдө 62 миң 276 өрт катталып, андан 1 112 адам каза болуп, 11 миллиард 750 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени айтылган. Жыл сайын орто эсеп менен 4000ден 6000ге чейин өрт чыгып, 50дөн ашык адам каза болуп, 100дөн ашык адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алып, 1 миллиард сомдон ашык зыянга учуратат", — деп жазылган негиздемеде.Мындан улам айыптын өлчөмүн төрт эсе жогорулатуу, ири соода объектилери үчүн коопсуздукту камсыз кылуу чараларын күчөтүү арыклуу мыйзамдарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү максаты коюлганы айтылган.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты. 1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште россиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп, финалга чыкты. Алтын медаль үчүн беттеште кыргыз балбаны япониялык спортчу Кота Такахаши менен кез келет.
Грузияда парламенттик шайлоо өтүп жатканын Sputnik Грузия маалымат агенттиги жазды.Ага ылайык, мыйзам чыгаруу органы 5 пайыз добуш ала алган партиялардагы 150 депутаттан түзүлөт. Грузиянын премьер-министри Кобахидзе партияларды шайлоодон кийин БШК жарыялаган жыйынтыктарды таанууга чакырды.Добуш берүүгө өлкөдө жашаган 18 жаштан жогорку курактагы Грузиянын 3 017 837 жараны катыша алат. Алар үчүн 3 044 шайлоо участогу ачылган.Ошондой эле 42 өлкөдөгү 95 910 шайлоочу чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринде добушун бере алат. Шайлоо процессине эл аралык уюмдардан 1700дөн ашык өкүл, 111 жергиликтүү уюмдан 23 миңден ашуун байкоочу көз салууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0