00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев менен республиканын Өзбекстандагы өкүлү Муса Жаманбаев кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.Бактыбек Аманбаев бул кызматка 2021-жылдын апрелинде келип, былтыр августтан тарта Канададагы өкүлчүлүктү кошо аркалай баштаган. Ал эми Жаманбаев 2022-жылдын апрелинен бери элчи болуп иштеп келген.
Түндүк — Түштүк жолунун айрым бөлүктөрүнө акы төлөтүү пландалууда, бирок акысыз альтернативасы дагы болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди. Анын айтымында, айланма жолду Чым-Коргон айылына чейин акы төлөнүүчү кылуу пландалган. Жеке компания техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп, эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок жол акы кымбат болгондуктан келишим түзүлбөй, долбоор ошол бойдон токтоп турат."Түндүк — Түштүк жолунун айрым бөлүктөрүнө акы төлөтүү планы бар. Белгилей кетүүчү жагдай, жолдун баары эмес, чечим мыйзамдын талабын жана жергиликтүү калктын кыймылын эске алуу менен кабыл алынат. Айдоочулар үчүн акысыз альтернативдүү жол болуп, тандоо укугу берилет", — деди министрдин орун басары.
Шайлоочулар өзүнө ыңгайлуу жерден добуш бере алышат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Ал үчүн шайлоочулар 2-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайты аркылуу же 27 жерде уюштурулган добуш берүү пунктуларына арыз берүүсү керек."Учурда республика боюнча шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүнү каалагандарды активдүү каттоодо. Алар туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар болуп саналат. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөрдѳн жана толуктоолордон соң пайда болду", — деп айтылат маалыматта.Tizme.gov.kg сайтында "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот. Ал үчүн жүзүнүн биометриясы боюнча же ID-картанын маалыматтары, QR же электрондук кол тамганы колдонуу менен порталга кирүү зарыл.
Ош шаарына Россия президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча администрациясынын жетекчиси Игорь Маслов баштаган делегация келди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка караганда, алар Россиянын колдоосу менен курула турган жаңы билим берүү комплексинин жерин көрүүгө барышкан.“Кароонун жүрүшүндө объектинин курулушун баштоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын комплексин тездетүү зарылдыгы белгиленди”, - деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, делегация Түштүк федералдык университети менен Сибирь федералдык университетинин базасындагы Макаренко атындагы №6 жана Алтыбаев атындагы №14 шаардык мектептердин инфраструктурасы менен таанышкан.Алар ошондой эле көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барышып, анын тарбиялануучуларына белек беришкен.Эскерте кетсек, бул мектеп-интернатка мурда жардам катары атайын окуу-методикалык адабияттар да берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0