Россиялык адмирал: "Курск" кемеси НАТО субмаринасы менен кагышып кыйраган

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСуу алдында жүрүүчү "Курск" кемесин эстелиги
Суу алдында жүрүүчү Курск кемесин эстелиги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Советтик (россиялык) суу алдында жүрүүчү кемелер атаандаштары менен мурда да кагышып кеткен учурлар кездешип келген. Бирок анда "Курск" трагедиясына окшогон окуя болгон эмес.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Суу алдында жүрүүчү "Курск" кемеси мындан 21 жыл мурда НАТОнун субмаринасы менен кагышып, талкаланганын жана бул "ыктымалдык 90 пайыз" экендигин адмирал Вячеслав Попов билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал учурда Попов Түндүк флотту башкарып турган.
Мындан туура 21 жыл мурда, 2000-жылдын 12-августунда атомдук ракеталык "Курск" крейсеринде кырсык болуп, 108 метр тереңге чөккөн. Бул Североморскиден 175 чакырым аралыкта болгон. Расмий маалыматта борттогу торпедо жарылып, андан улам кеме кыйраган.
Экипаждын мүчөлөрү, машыгууга катышып жаткан адистерди алганда 118 адам курман болгон. Биринчи рангдагы капитан Геннадий Лячин жетекчилик кылган кеме кырсыкка Баренц деңизинде кабылган.
"Курск" менен кагышкан суу алдында жүрүүчү кеме анын артынан аңдып жүрүп, кыязы, деңиздеги кырдаалдан жана башка шарттардан улам коопсуздук эрежесин сактай албай калып, өтө жакындаша түшкөн же болбосо "Курск" жасаган маневр байланыштын үзүлүшүнө алып келген... Коомчулук алдында аташ үчүн айтканым жок,.. бирок 90 пайыз ыктымалдык менен ал кеменин аталышын билем. Жарыялаш үчүн далил керек. Шардана кылып айта албайм. НАТОнун суу алдында жүрүүчү кемеси ошол райондо, "Курск" менен кагышып алган жерде болгон", — деди Попов.
Адмирал SOS сигналын ошол күнү кырсыктаган "Курск" эмес, анын жанында болуп кагылышып жана зыянга учураган НАТОнун субмаринасы бергендигин кошумчалады. Россиянын Аскер-деңиз флотунун Деңиз авиациясы аны Норвегиянын жээгинен тапкан.
2000-жылы Аркадий Мамонтовдун "Курск" тууралуу даректүү фильминде ал үчүн "башкы версия суу алдында сүзүп жүргөн такталбаган кайык менен кагылышканы, бул долбоордо ал биздин кайыктын аялуу жерин, албетте, билбей сүзүп алганын" айткан. Бирок ошол учурда адмирал кеменин кимге тиешелүү экенин жана анын кандай кайык экенин, аталышын билгени туурасында кеп кылган эмес.
Спуск на воду подводной лодки Кронштадт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Россияда байкатпай күзөтүүчү субмарина иштелип чыкты
Россиялык жана чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда, суу алдындагы кеменин машыгуусу болуп жаткан аймакта АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Memphis жана Toledo деп аталган суу алдында жүрүүчү атомдук кемелери, андан тышкары Улуу Британиянын Аскер-деңиз күчтөрүнө тиешелүү Splendid деп аталган дал ушундай техникасы сүзүп жүргөн. News24 порталы Россиянын Коргонуу министрлиги Пентагондон Memphis менен Toledo атомдук кемелерин "Курск" трагедиясынын кийин инспекциялоого уруксат сураганын, бирок Америка тарап андан баш тарткандыгын жазган. Алар "бардык субмариналар иштеп турган абалда" деген билдирүү жиберишкен. Дал ушундай эле жооп Лондондон келгенин басылмалар жазган.
Россиянын өкмөттүк комиссиясынын расмий версиясына караганда (2002-жыл, июль), "Курск" 65-76 торпедолордогу майдын компоненттери ысып кетип жарылып, ал автомдук кеменин толугу менен жарылышына алып келген. Өкмөттүк комиссия Баренц деңизинин түбүндөгү субмаринанын фрагменттерин жардыруу чечимин кабыл алган. Адистердин айтымына караганда, фрагменттерди жардырып салуу деңизде сүзүп жүргөн башкалар үчүн коопсуздук чараларын сактоо максатында болгонун айтышкан. Себеби ал жерде жарылбай калган торпедолор калышы мүмкүндүгүн кабарланган. Трагедия болгон райондо кемелер ары-бери көп каттап, балык уулоо өндүрүшүнүн иштери да жүргүзүлүп келген.
Годовщина гибели подлодки Курск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2017
17 жыл мурдагы "Курск" трагедиясы эскерилди. Суу алдында калган 118 моряк
Советтик (россиялык) суу алдында жүрүүчү кемелер мурда да кагышып кеткен учурлар болгон. Тагыраагы, 1992-жылы февралда Баренц деңизинде Түндүк флоттун аскердик машыгуусунда К-276 кемеси америкалык дал ошондой эле атомдук Los Angeles тибиндеги Baton Rouge менен кагышкан. 1993-жылы "Борисоглебск" өзүнүн полигонунда аскердик тапшырмасын аткарып кайтып келе жатканда аны башка бирөөлөр келип сүзгөн. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн "Борисоглебскинин" артынан аңдып сүзүп бараткан Grayling кемеси атаандашын бир саамга көз кырынан чыгарып жиберип, капыстан кагып алган. Бирок мындай окуялар адам өмүрүн жоготууга, "Курск" трагедиясына окшогон кырдаалга алып келген эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0