Жаңы ачылган Тарых музейи эртең иштебейт. Себеби

© Sputnik / Акылбек БатырбековОткрытие Национального исторического музея в Бишкеке
Открытие Национального исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Мындан эки күн мурун, 19-ноябрда, өлкөнүн башкы музейинин расмий ачылышы болуп, көрөрмандар кире баштаган эле.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Улуттук тарых музей санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 22-ноябрь күнү (дүйшөмбү) иштебейт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Музей өз көрөрмандарын 23-ноябрдан тарта саат 10:00дөн 18:00гө чейин кабыл ала баштайт.
Белгилей кетсек, Улуттук тарых музейи реконструкциялоо жана чуулуу кылмыш иштерине байланыштуу беш жылдан бери жабык турган. Мындан эки күн мурун, 19-ноябрда, расмий ачылышы болуп, көрөрмандар кире баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0