Транспорт салыгын төлөбөгөндөр четинен айыпка жыгылууда. Рейд жыйынтыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Мыйзам боюнча айдап жүргөн автоунаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 1000 сом административдик айып каралган.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Транспорт салыгын төлөбөй жүргөн автоунаа ээлери атайын рейддин жүрүшүндө аныкталып, аларга жалпы жонунан 739 миң сомдук айып салынган. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлады.
2-сентябрдан 10-ноябрга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен салыкчылар биргелешип, транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо максатында бир жарым миңге чукул рейд өткөргөн.
"Рейддин жүрүшүндө 28 миң автоунаа текшерүүгө алынган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 739 миң сом өлчөмүндө 739 административдик айып салынды", — деп айтылган маалыматта.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы автокөлүк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, аны убагында төлөбөгөндөргө 1000 сом административдик айып каралган. Аталган кызматтан салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум эсептелерин эскертишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0