Тарых музейин жаңылоого канча акча корогон? 770 миң евролук эмерек, 14 миңдик ат

© Sputnik / Эмиль Садыров Улуттук тарых музейиндеги экспонаттар
 Улуттук тарых музейиндеги экспонаттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Беш жыл бою каалгасын жаап турган Тарых музейи акыры ачылды. Sputnik Кыргызстан бул жайга алынган эмеректер жана экспонаттар, ошондой эле консультациялык-дизайнердик кызматтар канчага бааланганын эске салууну чечти.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Улуттук тарых музейи бүгүн расмий ачылды. Аны реконструкциялоо 2016-жылы башталып, чуу менен коштолду.
Коомчулук музей үчүн сатып алынган эмерек жана экспонаттардын баасы өтө кымбат чыкканына нааразы болушкан. Бул туурасында эл депутаттардан уккан. 2018-жылы алар Улуттук музейде көчмө жыйын өткөрүп, реконструкциялоо иштери менен таанышкан.
Жаңыланган Улуттук тарых музейи ачылышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жаңыланган Улуттук тарых музейи ачылды. Видео, сүрөт
Ошол кездеги депутат Бахадыр Сулейманов немец өндүрүшүнөн чыкты деп алып келинген бир отургучтун баасы 100 миң сом болгонун айтып таң калган. Мындан сырткары, музейге алынган бир композициянын жыгач койгучу 600 доллар турарын билдирген.
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев 28 миң еврого алынган эки жылкынын статуясы эшекке окшоп калганын айткан жайы бар.
Кийинчерээк "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары музейди жаңылоого кеткен чыгымдар жазылган документти жарыялаган. Анда эмеректер, жабдуулар канчага сатып алынганы, консультациялык кызмат жана башкалардын наркы көрсөтүлгөн.
Анда чыгымдардын тизмеси төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:
  • экспозициянын курулушу — 1 миллион 339 миң 837 евро;
  • экспозициялык жабдык (витрина) — 2 миллион 854 миң 285 евро;
  • фонддук жабдуу — 665 миң 554 евро;
  • шамчырак, көргөзмө залдар үчүн шина проводдор — 552 миң 910 евро;
  • мультимедиалык жабдыктар — 497 миң 310 евро;
  • тирөөч/экспонаттардын жайгашышы — 242 миң евро;
  • графика/жарнамалык жабдык — 271 миң 965 миң евро;
  • мультимедиа үчүн контент — 419 миң 100 евро;
  • климаттык жана өлчөөчү жабдык — 316 миң 695 евро;
  • реставрациялык жабдык — 238 миң 918 евро;
  • сактоо үчүн атайын таңгак — 50 миң 2 евро;
  • фойе үчүн эмерек, касса жана музей дүкөнү — 271 миң 968 евро;
  • гардероб үчүн эмерек — 142 миң 560 евро;
  • кафенин кире беришине алынган эмерек — 224 миң 56 евро;
  • жыйындар залы/кинозал — 132 миң 516 евро;
  • шамчырактар жана коомдук бөлмөлөр үчүн шина проводдору (фойе, аудитория, ажаткана) — 91 миң 945 евро;
  • дизайнердик консультация кызматы — 394 миң 200 евро;
Тизмектелген эмерек менен жабдыктардын жалпы суммасы — 8 миллион 705 миң 821 евро.
Мунун баарына буюртманы "СМУ-3" ЖЧКсы (Кыргызстан) берген, ал эми аткаруучулар — "Витринен унд Гласбау Райер гмбх" (Германия) компаниясы болуп саналат.

Тарых музейинин айланасындагы чуу

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, эмеректердин кымбат баада сатып алынганы ачыкталган. УКМК Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.
Бул Өнөр айылы. Макеттер пластилинден жасалганы менен кудум кадимки айылды эске салат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Улуу элдин учун улай... Эскини эске салган интерактивдүү музейден 14 сүрөт
Бул ишке катыштыгы бар делген мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сот 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сомдук айыпка жыккан. Былтыр октябрь окуясынан кийин Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн. Экс-премьер октябрдагы башаламандыкта абактан чыгып кеткен, учурда кайда экени белгисиз.
Тергөө жүрүп жатканына жана реконструкциялоо иштерин жасаган немец компаниясына карыз төлөнбөгөнүнө байланыштуу музейдин эшиги жабылып турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0