Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКыз көчөдөн сейлдеп бара жатат. Архив
Кыз көчөдөн сейлдеп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
19-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө -3...+2, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +3...+8, Ысык-Көл аймагында -4...+1, Нарында 0...-5 градуска чейин суук болору айтылды.
Борбор калаада -1 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы +6...+8 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0