Экөө эгиз болгон. Сузакта ууланып көз жумган үч бөбөктүн жашы белгилүү болду

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
Иске ууланган үй-бүлөдөн энеси эле аман калган, бирок анын да абалы өтө оор деп бааланууда. Окуя 14-ноябрга караган түнү болгон.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чарчап калган үч баланын жашы жана окуянын эмнеден келип чыкканы боюнча маалымат берди.
Эске салсак, бүгүн Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылындагы үйдөн үч баланын сөөгү табылган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, трагедия 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү болуп, анда эне үч баласы менен кошо иске ууланган.
"Көз жумган балдардын улуусу 6 жашта, ал эми андан кичүүлөрү 4 жаштагы эгиз бөбөктөр болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Кичинекейлердин энеси аман калганы, бирок абалы өтө оор экени кошумчаланды. Келин Сузак аймактык ооруканасына жеткирилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0