Круиздик компанияда иштеп 70 өлкөнү көргөн Гүлкайыр Намазбек кызы. Маек
16:03 09.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыНорвегиялык круиздик компанияда эмгектенген Гулкайыр Намазбек кызы
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
Жазылуу
Журтташыбыз Гүлкайыр жаштыгына карабай дүйнөнүн жарымына жакынын таанууга үлгүрдү. Круиздик компаниялардын биринде эмгектенип, суудан да өтүп, кургакты да кыдырып жүргөн чагы.
Бермуд үч бурчтугу, деңиз каракчылары, деңиз менен океандын сүрү... Каарманыбыз ушул жана башка дагы көп нерседен кеңири кеп козгоп берди.
— Сыртка качан, кандайча кеттиңиз? Ошол убакка бир кылчайсак... Канча жыл болду?
— Убакыт зымырап учканын эми баамдап турам, чет өлкөдө жүргөнүмө алты жылга чукулдаптыр. Жогорку окуу жайды аяктап жатканымда билимди чет өлкөдөн өркүндөтүүнү самап жүргөм. Капыстан жакшы сунуш түшүп, Бириккен Араб Эмирлигине учуп кеттим. Көп өтпөй жер шарын кыдыруу мүмкүнчүлүгү чыгып калбаспы. Колдон чыгаргым келген жок, ошентип азыркы жумушума киргем.
Бир жарым жыл иштеп, жер шарын бир айланып чыгам дегем., бирок ошондон бери деңиз мени коё бергиси жок. Улам жаңы багыттарга аттанчу кемеге жолдомо алам. Бир жерде жашап, отурукташа элекмин. Себеби кемеде саякаттоо абдан жагат. Азыр менин иш менен саякатты айкалыштырууга толук мүмкүнчүлүгүм бар.
— Эмне болгон ишкана?
— Норвегиялык круиздик компанияда эмгектенем. Viking Ocean Cruises дүйнө жүзүндөгү мыкты круиздик компаниялардын алдынкы сабында турат. Кемелердин көлөмү орточо: 450 экипаж менен 950 жүргүнчүнү батыра алат.
Кардарларыбыз көбүнесе пенсияга чыккан адамдар. Алар деңиз аркылуу саякаттап, өлкөлөрдүн тарыхы, маданиятына кызыгышат. Кеменин ичинде шаан-шөкөт жокко эсе. Классикалык концерттер гана өтүп, атайын дарстар окулат. Ден соолукту чыңдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн, китепкана, музей да бар.
Ал түгүл бортунда заманбап лаборатория да уюштурулган. Күн сайын ПЦР-анализ алынып, коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн чаралар көрүлөт. Кеме деңизде сүзүп жүргөндө сыркоолоп калган жүргүнчүлөр да болбой койбойт. Андайда тик учак чакырылып, бейтаптар ооруканага жеткирилет.
Жүргүнчүлөрдүн 90 пайызы америкалыктар. Алар абдан жөнөкөй келишет. Карыяларга камкордук биздин дилибизде эмеспи. Ошондуктан кемедеги улгайып калган адамдардан жакшы сөз, жылуу мамилени аябайбыз. Аларга кам көрүүнүн өзү эле жагымдуу. Батасын берип, ыраазы болуп кайтышат.
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыГүлкайыр Намазбек кызы: Кардарларыбыз көбүнесе пенсияга чыккан адамдар. Алар деңиз аркылуу саякаттап, өлкөлөрдүн тарыхы, маданиятына кызыгышат
Гүлкайыр Намазбек кызы: Кардарларыбыз көбүнесе пенсияга чыккан адамдар. Алар деңиз аркылуу саякаттап, өлкөлөрдүн тарыхы, маданиятына кызыгышат
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
— Аткарган милдетиңиз кандай? Кесиптештериңиз кай улуттан?
— Ушул тапта кардарларды колдоо кызматындамын. Компаниябызда 30дан ашуун улуттун өкүлдөрү иштейт. Дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулсак да ушунча убакыт бирге иштеп, чогуу жүрүп, бир туугандай эле болуп калдык. Бири-бирибизден жардамыбызды аябайбыз, колдоо көрсөтүп, ынтымагыбыз бекем. Экипаж мүчөлөрүнө ишкана өзгөчө кам көрөт. Себеби дүйнөнүн №1 компаниясы болуунун артында кызматкерлердин салымы жана аракети эбегейсиз экенин түшүнөт.
— Ишканада сизден бөлөк да кыргыздар барбы?
— Башта кыргыздар саналуу гана болчу. Алгачкылардан болуп үч киши келгенбиз. Интервью, сынактан өтүү үчүн атайын Беларуска барган элек. Кийин компаниянын өкүлдөрү өздөрү Бишкекке келип, кызматкерлерди кабыл ала баштады. Демек, көчтү биз баштап берип, жакшы көрсөткүч көрсөтө алдык деп ойлойм. Азыр мен билгенден ар бир кемеде 5-6дан мекендеш эмгектенет.
— Сыртка жаңыдан аттанып жатканыңызда кандай сезимдерге тушуктуңуз эле?
— Ички туюмум менен бардыгы жакшы болорун, мен үчүн жер шарынын каалгасы ачылып жатканын эч бүдөмүксүз сезгем. Бирок, албетте, бөтөн жерге аттанарда санааркайсың, түйшөлөсүң. Бирок баары мен ойлогондой болду, ишим оңунан чыкты.
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыГүлкайыр Намазбек кызы: кеменин ичинде шаан-шөкөт жокко эсе. Классикалык концерттер гана өтүп, атайын дарстар окулат. Ден соолукту чыңдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн, китепкана, музей да бар
Гүлкайыр Намазбек кызы: кеменин ичинде шаан-шөкөт жокко эсе. Классикалык концерттер гана өтүп, атайын дарстар окулат. Ден соолукту чыңдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн, китепкана, музей да бар
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
— Санааларды кантип жеңдиңиз?
— Санаадан арылуу оңой эмес. Анткен менен ал койгон максаттарга жетишүүгө жакшы түрткү болот экен. Себеби бир нерсеге жетишкен соң токтоп калбастан, дагы да бийиктиктерди багындырууга чоң пайдасын тийгизет. Санаа бар жерде сактык болот деп ишенем. Кудайга шүгүр, кыялдарым дал өзүм каалагандай аткарылууда.
—- Тилди кантип, кайдан үйрөндүңүз? Канча тил билесиз?
— Атамдын жумушуна байланыштуу өлкөнүн улам бир бурчуна көчүп-конуп жашоого туура келген. Ошол себептен төрт мектеп алмаштырдым. Тагдырдын мага чоң белектеринин бири – Ош шаарындагы №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназияда билим алганым. Класс жетекчим Татьяна Юрьевна англис тилин өздөштүрүүмө чоң салымын кошкон.
Эмгек сиңирген эл агартуучусу, филолог, бүт өмүрүн мектеп директорлугуна арнаган чоң атамдын тарбиясын алуу да мен үчүн чоң сыймык. Балким, тил үйрөнүү жөндөмү да мага чоң атамдан өтсө керек.
Бишкек гуманитардык университетинин Европа цивилизациялары факультетинде окудум. Азырынча кыргыз, орус тилдеринен тышкары англис тилинде эркин сүйлөйм. Ушул тапта немец тилин үйрөнүп жатам.
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыГүлкайыр Намазбек кызы: Мекенди, ата-энени сагынуу, албетте, ар бирибизде бар. Ошентсе да башка жерге көнүүдө кыйналган жокмун
Гүлкайыр Намазбек кызы: Мекенди, ата-энени сагынуу, албетте, ар бирибизде бар. Ошентсе да башка жерге көнүүдө кыйналган жокмун
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
— Сыртка көнүп кетүү оңойбу?
— Адамдын өзүнө жараша. Мекенди, ата-энени сагынуу, албетте, ар бирибизде бар. Ошентсе да башка жерге көнүүдө кыйналган жокмун.
— Иш оорбу же кызыктуулугу салмак басып кетеби?
— Азыркы ишим оор эмес, тескерисинче, кыйла жеңил, өзүмө жагат. Албетте, кемеде эмгектенүү оңой эмес деңизчи, тартип абдан катуу, ар бир мүнөт мааниге ээ. Ошондуктан убакыттын баркын билип, бош убакытты туура пайдаланууну үйрөнөсүң. Мен үчүн бош убакыт – бул жаңы мамлекет менен таанышууга мүмкүнчүлүк.
Ар бир таңдын атышы менен жаңы бир өлкөнү көрүп, жомоктогудай жерлерде болуу ар бир кыялкечтин эңсөөсү экени талашсыз. Бул жагынан абдан бактылуумун. Бирок, албетте, деңиз үстүндө жарым жыл жашаш оңой эмес. Ар ким эле мындай шартка көнүп кете албайт.
— Пандемия башталган, карантин жарыяланган убакта кайда болдуңуз? Кандай өттү ал күндөр?
— Ошол жылы март айында биз АКШнын Маями шаарынан туристтерди алып, Европага карай Атлантика деңизи аркылуу сүзүп бара жаткан элек. 6 күн деңизде болуп, кайра артка кайттык. Эки ай эч жерге чыга албай Маяминин четинде токтоп турдук. Экипаж мүчөлөрүн өз өлкөсүнө жөнөтүү кыйынга турган. Кыргызстандыктар акыркылардан болуп июль айында гана чартердик каттам менен мекенге келгенбиз. Бир жыл бою үйдө тыныгып, эс алып, анан кайра кемеге кайттым.
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыГүлкайыр Намазбек кызы: мен үчүн бош убакыт – бул жаңы мамлекет менен таанышууга мүмкүнчүлүк
Гүлкайыр Намазбек кызы: мен үчүн бош убакыт – бул жаңы мамлекет менен таанышууга мүмкүнчүлүк
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
— Үй-бүлөңүз тууралуу билсек... Ата-энеңиз кайсы кесиптин ээлери?
— Атам МАИ кызматкери болуп жүрүп, отставкага чыккан. Апам учурда бала бакчаны жетектейт. Атым нукура кыргызча болгондуктан, башка улуттагылар айта албай кыйналат. Ошол себептен лакап ысымымды колдонууга туура келет.
Үйдө төрт кыздын кенжесимин. Менден кийин бир иним бар, ал Пенза шаарында окуйт, футболго абдан кызыгат. Улуу эжем саясатка аралашып жүрөт. Кийинки эжем Бишкекте белгилүү бий ансамблин жетектейт. Менден улуусу да чет өлкөдө эмгектенет. Тамашалап биз беш мамлекетпиз деп коёбуз, себеби ар бирибиздин мүнөзүбүз ар башкача.
— Балалыгыңыз кайда, кандай өткөн?
— Жогоруда айтылгандай, көп жер котордук. Бул мага кичинемден тарта улам барган жердеги адамдар менен алака түзүп, тил табышып кетүү жөндөмүмдү өрчүткөн. Нарын шаарында төрөлүп, кийин Ош шаарында билим алып, 8-класста чоң атамдын жанына айылга көчүп барганбыз. Ошондуктан айылдын түйшүгүн, ысык-суугун да татып, чыйрак болуп чоңойдум десем жарашаар.
— Мурда бийлеп жүрчү экенсиз. Сахнаны сагынбайсызбы?
— Сахнанын өзүнчө бир сыйкыры бар. Студенттик куракта бийлеп да, ырдап да өзүмдү сынап көргөм. Албетте, сагынбай койбойм. Бирок бул жакта шоу-программаларга катышып, ошол сагынычты таркатып алам.
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыГүлкайыр Намазбек кызы: Мекенин сүйгөн жаштар өлкөбүздүн келечегин жакшы нукка бура аларына ынанам. Байлык, мансап деп чамынбай, тарыхта аты калгыдай иш жасоого умтулушса, биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайбыз! Себеби ал үчүн бардык ресурс, мүмкүнчүлүктөр бар
Гүлкайыр Намазбек кызы: Мекенин сүйгөн жаштар өлкөбүздүн келечегин жакшы нукка бура аларына ынанам. Байлык, мансап деп чамынбай, тарыхта аты калгыдай иш жасоого умтулушса, биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайбыз! Себеби ал үчүн бардык ресурс, мүмкүнчүлүктөр бар
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
— Ушуга чейин канча өлкөнү кыдырдыңыз?
— 70 өлкөдө болдум, 120 шаарды көрдүм.
— Кайсы мамлекеттер көңүлүңүздөн түнөк тапты?
— Дүйнө жүзүндөгү ар бир өлкө өзүнчө керемет, мага жакпаган өлкө дегеле болгон жок. Антсе да көөнүмдө калгандары Австралия, Жаңы Зеландия, Канада, Греция, Италия, Франция, Хорватия, Индонезия болду. Барган жердеги жашоо образына, жергиликтүү тургундар менен таанышып, баарлашууга кызыгам. Көп жерде адамдар ар дайым ачык, меймандос келишет.
Кыдырып жүрүп кинодон көргөн жайлардын дал маңдайынан чыкканыңда көргөн көзүңө ишене албай кетесиң. Ошондой учурларда бул жарыкта бардык нерсе мүмкүн тура дейсиң. Эң башкысы өзүңө ишенип, кыялдарыңды орундатууга умтулуу абзел.
— Коркутуп, чочулаткан жагдайлар болбойбу?
— Жаңы Зеландияда белгилүү "Шакектердин шаасы" тасмасы тартылган жерге кайык менен сүзүп бара жаткам. Бир убакта шамал күчөп, кайтып келүү абдан кыйын болду. Ошондо кайыктын ээси жардам жөнөтүп, жээкке чыгарганы түк эсимден кетпейт. Ошол аймакка мурда да келип жүргөндүктөн, ал менен жакшы дос болуп калган элек. Кечиге баштаганымда инисин чоң кайык менен жибериптир. Бир аз коркуп, чочулап да алгам, себеби толкун да, шамал да күчөй баштаган. Анан да кемеге кечикпей барышым зарыл эле. Айтор, аягы жакшы болуп, кемеге аман-эсен жетип алгам.
Жаңы Зеландияга алгачкы жолу барганда бейишке түшүп калгандай сезимде болгом. Жаратылышы биздикине өтө окшош, укмуштуудай жапайы жаныбар, канаттуулар көчөдө эле жүрө беришет экен.
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыГүлкайыр Намазбек кызы: кыдырып жүрүп кинодон көргөн жайлардын дал маңдайынан чыкканыңда көргөн көзүңө ишене албай кетесиң. Ошондой учурларда бул жарыкта бардык нерсе мүмкүн тура дейсиң. Эң башкысы өзүңө ишенип, кыялдарыңды орундатууга умтулуу абзел
Гүлкайыр Намазбек кызы: кыдырып жүрүп кинодон көргөн жайлардын дал маңдайынан чыкканыңда көргөн көзүңө ишене албай кетесиң. Ошондой учурларда бул жарыкта бардык нерсе мүмкүн тура дейсиң. Эң башкысы өзүңө ишенип, кыялдарыңды орундатууга умтулуу абзел
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
— Канча океан, кайсы деңиздерди көрдүңүз? Деңиз, океандын сүрү кандай?
— Тынч, Индия, Атлантика океанын үч жолу, экваторду эки ирет кесип өткөнбүз. Бермуд үч бурчтугунда да болгонбуз. Ал жакты кесип өткөн кеме, учактар кайып болору байма-бай айтылат эмеспи. Ал мифтер суу кечпей турганын билдим.
Япон деңизи тынч эмес. Көп учурда тайфундар болуп, толкун кеменин жүрүшүнө тоскоол болгондуктан коопсуздук үчүн маршрутту өзгөртүп, багытты алмаштырганбыз. Тасман деңизи да кооптуу учурларды жаратат. Деңиздин өзүнүн сөз менен жеткирип бере алгыс сүрү болот экен. Анткен менен таңдын атып, күндүн баткан убагы эң жагымдуу, кайталангыс, сезимдерди козгойт.
Шамал катуулап, толкундар кемени серпкенде коркунуч туулат. Кесиптештеримдин көбү андай шартка көнө албай кыйналышат. Эң алгач жолу деңизге сапарга чыкканда көңүлүм айланбасын деп атайын дарыдан үч таблетка ичкем. Эртеси тура албайм десеңиз, көрсө бирөө эле жетиштүү болмок экен. Ошондон кийин ал дарыны ичкис болгом. Деңизге организмим да бачым эле көнүп, азыр баш айлануу же башка деле ыңгайсыздык сезбейм.
Панама каналынан сүзүп өтөрдө деңиз каракчыларынын кол салышы мүмкүн деп сырттан олбурлуу коопсуздук кызматкерлерин жалдап келишкени эсимде. Негизи эле деңиз үстүндө жүргөндө укмуштуу окуяларга жык, өзгөчө жанрдагы кинодо жүргөндөй элес калтырат.
— Жер кыдырып же сыртта иштеп жүргөнүңүздө сезим козгогон адамды кезиктире алдыңызбы? Башка улуттан болсо, жакындарыңыз туура кабылдайбы?
— Мени түшүнгөн, өзүмө окшоп саякаттоону сүйгөн, жашоого болгон көз карашы заманга бап, билимдүү, ыймандуу, акылдуу мырзаны кезиктирсем дейм. Эгер мени чын жүрөгү менен кабыл алса, улутуна деле карабайм. Бирок, албетте, кыялымдагы ошол адам кыргыз жигиттеринин арасынан табылса андан бетер жакшы. Ата-энем бизге эч качан чектөө же каршылык көрсөтүшкөн эмес. Тескерисинче, ар дайым колдоп, өзүбүзгө болгон ишеничти арттырып келишет. Башка улуттун мырзасы жүрөгүмдү багындырса, жакындарым менин бактым үчүн кубанып, батасын беришсе керек.
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыГүлкайыр Намазбек кызы: Шамал катуулап, толкундар кемени серпкенде коркунуч туулат. Кесиптештеримдин көбү андай шартка көнө албай кыйналышат. Деңизге организмим бачым эле көнүп, азыр баш айлануу же башка деле ыңгайсыздык сезбейм
Гүлкайыр Намазбек кызы: Шамал катуулап, толкундар кемени серпкенде коркунуч туулат. Кесиптештеримдин көбү андай шартка көнө албай кыйналышат. Деңизге организмим бачым эле көнүп, азыр баш айлануу же башка деле ыңгайсыздык сезбейм
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
— Кыргызстанды сагынган учурлар болобу? Андай кезде эмнелер эске түшөт?
— Кусалык дайым болот. Канча кооз, өнүккөн өлкөлөрдү көрсөм деле мекен эч бирине салыштырылгыс. Таза суусун, абасын жана апамдын тамактарын сагынам.
— Жаңылыктарынан кабардар болуп турасызбы?
— Жумушка келер замат кыргызстандык маалымат булактарын барактап, өлкөбүздө болуп жаткан жаңылыктарды окуйм. Тилекке каршы, терс маанайдагы жаңылыктар басымдуулук кылгандай.
— Кыргызстанга эс алууга келгенде эмнеге көңүлүңүз чөгөт? Эмнелер кубантат? Кайсы нерселер үмүт жандырат?
— Биздин эл азырынча эс алууну үйрөнө элек. Көр турмуш менен алышып жүрө берип, өздөрү үчүн убакыт бөлүп, өздөрүн ардактап эс ала алышпагандыгы кейитет. Чет өлкөлүк улгайган адамдар ардактуу эс алууга чыкканда сөзсүз саякатташат экен. Биздин ата-энелер балдары үчүн бүтүндөй өмүрүн арнап коюп, өздөрү үчүн жашоого, өмүрдөн ырахат алууга ашыгышпайт. Мүмкүн мекендештерим көбүрөөк саякаттап, жер кыдырышса жашоого болгон көз карашы өзгөрүлөр беле... Барган жердин жакшы жактарын үйрөнүп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо алышмак чыгар.
Кубандырганы – биздин керемет жер, тоолор, жаратылыш. Көңүлдү чөктүргөнү биз өзүбүздүн байлыгыбыздын баркын билбей, жаратылышты коргобойбуз. "Колдо бар алтындын баркы жок" демекчи, бизге берилген байлыкты туура колдоно албай келебиз.
Мекенин сүйгөн жаштар өлкөбүздүн келечегин жакшы нукка бура аларына ынанам. Байлык, мансап деп чамынбай, тарыхта аты калгыдай иш жасоого умтулушса, биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайбыз! Себеби ал үчүн бардык ресурс, мүмкүнчүлүктөр бар.
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызыГүлкайыр Намазбек кызы: кубандырганы – биздин керемет жер, тоолор, жаратылыш. Көңүлдү чөктүргөнү биз өзүбүздүн байлыгыбыздын баркын билбей, жаратылышты коргобойбуз. "Колдо бар алтындын баркы жок" демекчи, бизге берилген байлыкты туура колдоно албай келебиз
Гүлкайыр Намазбек кызы: кубандырганы – биздин керемет жер, тоолор, жаратылыш. Көңүлдү чөктүргөнү биз өзүбүздүн байлыгыбыздын баркын билбей, жаратылышты коргобойбуз. "Колдо бар алтындын баркы жок" демекчи, бизге берилген байлыкты туура колдоно албай келебиз
© Фото / из личного архива Гулкайыр Намазбек кызы
— Келечегиңизди кандай элестетесиз?
— Буюрса келечегим жаркын болсо экен дейм. Өзүмдүн көңүлүмө жаккан бир өлкөдөн билим, тажрыйба топтоп келип Кыргызстандын өнүгүшүнө салымымды кошоюн.
Башка мамлекеттер менен болгон мамилени чыңдоо жана туризмди өнүктүрүү жаатында иш алып барууну көздөйм. Менимче, келечегим алдыда. Азыр 29 жаштамын. Чет өлкөлүктөрдүн көз карашы менен алганда баары али алдыда. Ал эми биздин менталитетке таянсак, жашым өтүп бара жаткандай сезилер. Кыргызстанда бул куракта үй-бүлө куруп, турмушка аттаныш керек эмеспи. Бирок бул буйруктун иши. Маңдайыма жазылган инсанды кезиктиргенче билимимди дагы жогорулатып алсам эмнеге болбосун? Азыр тандаган окуу жайлардан жыйынтык, жооп күтүп жаткан чагым.