Балиде ресторан иштеткен Зейнеп: Москвада бөтөлкө чогулткан күндөр болгон

© Фото / из личного архива Зейнеп Абдымуса кызыКыргызстандык Абдымуса кызы Зейнеп
Кыргызстандык Абдымуса кызы Зейнеп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандык Абдымуса кызы Зейнеп бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашайт. Индонезиянын Бали аралында ресторан иштеткенине үч жылдын жүзү болду.
Мекендешибиз өз күчү менен Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы жогорку окуу жайлардын бирине өтүп, импорт жана экспорт боюнча билим алган. Кыргыз, орус, кытай, англис жана индонезия тилинде эркин сүйлөйт. Үч кыздын энеси менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Зейнеп, алгач өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз, каяктын кызы болосуз, кандайча Балиде жашап калдыңыз?
— Өзүм Жалал-Абаддын кызы болом, Жерге-Тал айылында туулуп-өскөм. Бизди аябай катуу тарбиялашкан, бышык өскөнбүз. Жашоодо көп кыйынчылыктарга моюн бербейбиз. Айылдык бардык балдардай эле талаада помидор, күн карама, картошкада иштеп, үйдө кичинекей бөбөктөрдү карап, өз алдыбызча тамак-аш жасап чоңойдук. Ал кезде сен 7-8 жаштасыңбы, эч кимдин башы ооручу эмес, жумуш биздин моюнда эле. Кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Бишкекте кыска убакыт жашап, ортодо чоң энем ооруп калып кайра айылга барып калдык. Элетте 4-классты бүтүрүп, үй-бүлөбүз менен Россияга кеткенбиз. Оор күндөрдү башыбыздан кечирдик, агам экөөбүз көчөдө бөтөлкө чогултуп калдык. Апам үйдөн жарма жасап берчү, мен аны Кыргызстандан келген соодагерлерге базарда сатып калдым. Мектепти бүткөнгө чейин соода кылып, курьер болуп иштегем. Ошол кыйынчылыктардын баары келечегиме таасир этти. 16 жашымда Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы университетке өтүп, импорт жана экспорт бөлүмүндө окудум. Жети жылдай жүрүп жолдошум менен таанышкам. Кийин Балиде, андан соң Америкада жашадык. Күйөөм калифорниялык, түбү Мексикадан. Сёрфинг менен алектенгендиктен Индонезияга көчүп келгенбиз. Учурда үч кызыбыз бар.
© Фото / из личного архива Зейнеп Абдымуса кызыКыргызстандык Абдымуса кызы Зейнеп бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашайт. Индонезиянын Бали аралында ресторан иштеткенине үч жылдын жүзү болду.
Кыргызстанка Зейнеп Абдымуса кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандык Абдымуса кызы Зейнеп бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашайт. Индонезиянын Бали аралында ресторан иштеткенине үч жылдын жүзү болду.
— Балиде вегандар үчүн ресторан ачкан экенсиз, кыргыздар веган боло алышат бекен?
— Ресторанды ишкерликке ыктап үч жыл мурун ачканбыз. Буюрса ийгиликтүү иштеп жатат. Балиде жашап вегетариан (жан-жаныбар, балык, канаттуулардын эти кошулган тамактарды такыр жебейт — ред.) болбоо мүмкүн эмес. Бара-бара веган болуп калдык. Менимче, азыркы муун сергек жашоо образына ыктап бара жатат. Медитация, йога менен машыккандар көбөйдү. Андай тааныштарым Бишкекте да толтура. Биздин үй-бүлө, балдарым да веган. Анткени өсүмдүктөн жасалган тамак-аш организм үчүн өтө пайдалуу. Мындай ыкма адамдын дени сак жүрүшүнө шарт түзөт, муну менен бирге жан-жаныбарларга гумандуу мамиле жасап жатабыз деп эсептейбиз.
Жакында эле эт өндүрүү боюнча бир документалдуу тасма көрүп калдым. Ошондо 30 жылдай касапчы болуп иштеген адам союлган ар бир малдан жок дегенде бир залалдуу шишик чыгарын айтат. Стейкти деле жарым-жартылай бышырып каны менен жеп жатпайбы. Ал мал кантип семиртилгенин, кандай оору менен ылаңдаганын эч ким билбейт. Ошол тамактар, эт азыктары көптөгөн ооруларды пайда кылууда. Учурда тааныштарыбыздын ар бир экинчисинин жакыны онкологиялык илдеттерден жапа чегип жатат.
© Фото / из личного архива Зейнеп Абдымуса кызы16 жашымда Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы университетке өтүп, импорт жана экспорт бөлүмүндө окудум. Жети жылдай жүрүп жолдошум менен таанышкам. Кийин Балиде, андан соң Америкада жашадык. Сёрфинг менен алектенгендиктен Индонезияга көчүп келгенбиз. Учурда үч кызыбыз бар.
Кыргызстанка Зейнеп Абдымуса кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
16 жашымда Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы университетке өтүп, импорт жана экспорт бөлүмүндө окудум. Жети жылдай жүрүп жолдошум менен таанышкам. Кийин Балиде, андан соң Америкада жашадык. Сёрфинг менен алектенгендиктен Индонезияга көчүп келгенбиз. Учурда үч кызыбыз бар.
— Менимче, Балиге жыл бою эс алуучулар көп келип, чет элдиктердин агымы үзүлбөйт. Балким ошол себептүү да рестораныңыз пандемияга карабай жакшы иштеп кетти го, ээ?
— Бали аралында жашап онлайн иштегендер, эс алуучулар абдан көп. Көбүнчө ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айында Россиядан, Европа өлкөлөрүнөн көп келет. Бул жакта күн дайыма жылуу. Албетте, пандемиядан улам чек аралар ачылып, кайра жабылып калып жатат. Мындан улам тоскоолдуктар болду. Буюрса, азыр чек аралар ачылып, түз каттамдар иштей баштады. Биз ресторанды 2019-жылы январь айында пандемиянын алдында баштаганбыз. Ал кезде дагы эки ресторан ачмакпыз, бирок абалга байланыштуу аларды токтотуп койдук. Ресторан бизнесине аралашуу мен үчүн жана жолдошум үчүн алгачкы тажрыйба болду. Баштаган ишибиз оңунан чыгып, ийгиликтүү уланып кетти. Өзүбүздүн кардарларыбыз да топтолуп, алардан жакшы ой-пикир угуп, жергиликтүүлөр арасында таанылып калдык. Андан сырткары, биз Калифорниядан келгендиктен ошол жактан көп жаңычылдыктарды, идеяларды алып келдик. Калифорния Американын веган боюнча борбору болуп эсептелет.
© Фото / из личного архива Зейнеп Абдымуса кызыЗейнеп Абдымуса кызы: Бали аралында жашап онлайн иштегендер, эс алуучулар абдан көп. Көбүнчө ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айында Россиядан, Европа өлкөлөрүнөн көп келет. Бул жакта күн дайыма жылуу.
Ресторан кыргызстанки Зейнеп Абдымуса кызы на Бали - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Зейнеп Абдымуса кызы: Бали аралында жашап онлайн иштегендер, эс алуучулар абдан көп. Көбүнчө ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айында Россиядан, Европа өлкөлөрүнөн көп келет. Бул жакта күн дайыма жылуу.
— Негизи Индонезияда инвестор болуп барууга же ишкерлик менен алектенүүгө кандай шарт түзүлгөн экен?
— Жолдошум экөөбүз резидент болуп саналабыз. Биз өзүбүз ээлик кылган компаниянын негизинде инвестиция салып ресторан ачтык. Балиде өзүң каалаган жерде бир нерсе ача албайсың. Аймактар жашыл, сары, кызыл зонага бөлүнгөн. Кызыл зонада чет элдиктер бизнес үчүн эч нерсе ача албайт, андай мүмкүнчүлүк жергиликтүүлөргө гана берилген. Сары зонада мамлекеттик органдардын кароосунан кийин гана иш баштай аласың. Жашыл зонада ишкерликтин бардык түрү менен алектенсе болот. Бул үчүн курулушка уруксат алып, архитектордун макулдугун алуу жетиштүү. Балиде бийик имараттар жокко эсе. Аралда жер көп титирейт, жанар тоолор атылат. Анан жергиликтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү индуизмдин хинду агымын карманат, түшүнүк боюнча салынган имараттар алардын храмынан бийик болбошу керек.
— Тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, адам эт азыктарынан алган белок, организм үчүн пайдалуу заттарды өсүмдүктөн жасалган тамактардан деле ала алабы?
— Биз ресторанда көбүнчө соя азыктарын колдонобуз. Алардын курамында эттикиндей эле белок бар. Жөнөкөй эле мисалдарды келтирип айтайын, мисалы, чөп-чар жеген эле жылкы баласы кандай күчтүү, шамдагай, чыдамкай. Жаныбарлар дүйнөсүндө олбурлуу келген пил, кериктер деле чөп-чар жейт. Этинде углевод толтура деген уй деле аларды чөптөн алат. Балыктар деле суунун алдындагы балырды жеп тамактанат. Балким, Кыргызстанда вегетариан же веган үчүн азык табуу кыйынчылык жаратаар. Бирок курамында протеини арбын азыктар Кыргызстанда деле толтура.
© Фото / из личного архива Зейнеп Абдымуса кызыЗейнеп Абдымуса кызы: Бала кезимен тамак-аш жасап, казан-аякка аралашып калгандыктан ресторанда өзүм ашпозчумун, менюдагы тамактарды өзүм түзүп чыккам. Кыргыздын шорпосун жашылча менен жасап турам.
Кыргызстанка Зейнеп Абдымуса кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Зейнеп Абдымуса кызы: Бала кезимен тамак-аш жасап, казан-аякка аралашып калгандыктан ресторанда өзүм ашпозчумун, менюдагы тамактарды өзүм түзүп чыккам. Кыргыздын шорпосун жашылча менен жасап турам.
— Мекенден алыс жүргөнүңүзгө көп эле убакыт болуп калыптыр. Бөтөн жерде кыргызга тиешелүү каада-салттарды карманасызбы, рестораныңызда кыргыздын тамактарын жасайсызбы?
Менеджер Миргүл Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Менеджер Эсеналиева: ырчылар шарт жок жерде фонограмма менен ырдашы керек
— Ооба. Үйдө кайненеме эч нерсе кылдырбайм, өзүм кир жууп, тамак жасайм. Ал кишиге сый-урмат менен мамиле кылам. Аларга вегетариан палоосун даярдап берем. Жолдошум менен таанышканда кир кийимдерди колго жууй калчумун. Ал көрүп алып XXI кылымда да кирди колго жууйбу деп таң калган. Мен бул анчалык деле оор эмес деп түшүндүрүп койчумун. Ал кээде "кирди колго жууганыңды көрүп сүйүп калгам" деп тамашалап калат. Бала кезимен тамак-аш жасап, казан-аякка аралашып калгандыктан ресторанда өзүм ашпозчумун, менюдагы тамактарды өзүм түзүп чыккам. Кыргыздын шорпосун жашылча менен жасап турам. Бул жакта мугалим болуп иштеген кыргыз кыз келип калат. Эл аралык авиакомпанияда иштеген курбу кызым, тааныштарым келип тамактанып кетишет.
Жаңылыктар түрмөгү
0