Эрматов Абдимамат Абилаевич — өмүр баяны
00:33 08.11.2021 (Жаңыртылды: 12:25 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба партии "Азаттык" Эрматов Абдимамат Абилаевич
© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"
Жазылуу
Абдимамат Эрматов 1963-жылы Ош облусунун Алай районунун Терек айылында туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1987-1988 — Кара-Суу күнөсканалар чарбасында экономист;
- 1988-1990 — "Кара-Суу" совхозунда малды бордоп семиртүү боюнча башкы экономист;
- 1990-1995 — Кара-Суу районундагы "Бирдик" совхозунда башкы экономист;
- 1995-1996 — "Манас-1000" айыл чарба кооперативинде төрага;
- 1997-2000 — Кара-Суу районунун "Мөмө-жемиш" ишканасынын директору;
- 2000-2005 — Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис;
- 2005-2007 — Кара-Суу райондук каттоо башкармалыгында бөлүм башчы;
- 2008-2009 — Жайыл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында бөлүм башчы;
- 2012-2019 — Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында бөлүм башчынын орун басары;
- 2019-жылдан тарта "Кадастр” мекемесинин Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары болуп иштеп келе жатат.