Невролог Бакаева: инсульт жашарууда, мунун эки себеби бар

© Фото / Мээрим СтамкуловаУлуттук госпиталдын № 3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева
Улуттук госпиталдын № 3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Инсульт дартын буга чейин улгайган адамдардын гана оорусу деп келсек, учурда ал жаштардын арасында да кезигип жатат. Кыргызстан аталган ооруга чалдыгып көз жумгандар боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы сапта экендиги айтылат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук госпиталдын № 3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева менен инсульт дарты эмне себептен жаштар арасында көбөйүп жаткандыгы жана ооруну алдын алуу жолдору тууралуу сөз кылды.
© Sputnik / Табылды КадырбековБакаева: инсультта эң коркунучтуусу — кан тамырдын жарылышы
Врач-невролог Национального госпиталя КР Дариха Бакаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бакаева: инсультта эң коркунучтуусу — кан тамырдын жарылышы
— Кыргызстанда жылына 13-15 миңдей адамдын инсультка кабылары айтылат. Алардын дээрлик жарымы убагында сапаттуу медициналык жардам ала албагандыктан көз жумуп кетишсе, калгандарынын жашоо образы жакшы дарылоо борбору болбогондуктан бир аз оорлошуп калат экен. Негизи эле бул дарт мурда 50-60 жаштагылардын арасында көп кездешери маалым болчу. Азыр жаштар деле ооруп жатат. Инсульттун пайда болушуна эмне түрткү берет?
— Инсульт — мээдеги кан айлануу бузулганда келип чыккан оору. Ал экиге бөлүнөт. Биринчиси — ишемиялык инсульт. Мында мээнин кан тамырлары ичкерип кеткендиктен майда бүртүкчөлөр топтолуп калат. Же болбосо кан коюлуп тромб пайда болот да, канга кычкылтек менен кошо керектүү заттар барбай калат. Бул мээнин нейрондорунун өлүп калышын шарттайт. Бизде ишемиялык инсульт көп катталат. Ал бейтаптардын 70-80 пайызын түзөт. Экинчи түрү — геморрагиялык инсульт. Мында кан тамыр жарылып, мээге кан куюлуп же кан уюп калат. Бул да мээнин кысылып жабыркоосун шарттайт. Анын кайсы бөлүгү көп жабыркаса оорунун белгилери да ошого жараша болот. Инсультта эң коркунучтуусу — кан тамырдын жарылышы.
— Кан тамыр жарылган учурда да адамдардын өлүмү көбүрөөк катталса керек. Инсульттун кайсы түрүнөн каза болгондор, майып болуп калгандар көп?
— Эми бул бейтаптын мээсинин кайсы бөлүгү көбүрөөк запкыга учураганына да жараша болот. Мээсинин көп бөлүгү жабыркаса майыптыкка алып келет. Мээге кан куюлуп кеткенде көп учурда өлүмгө дуушар кылат. Андай бейтапты көбүнчө сактай албай калабыз.
— Жаштар эмнеден улам жабыркашы мүмкүн?
Улуттук госпиталдын ириңдүү оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, хирург Улан Наралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Ириңдүү оорулар хирургу Наралиев: эмгекке жарамдуу жигиттердин буту чирип жатат
— Инсультка мурда деле жаштар кабылчу. Бирок акыркы убакта дүйнөдө бул дарттын жашарып баратканы байкалууда. Буга биринчи кезекте жер жүзүндө калктын санынын өсүшү, экинчиден, ички жана сырткы миграциянын көбөйүшү себеп. Анткени адам башка аймакка барып отурукташып же мигрант катары иштеп баштаганда дарыгерге көрүнбөйт. Негизи эле орто жаштагы адамдар өзү жашаган аймактагы медициналык жайларга убагында кайрылып, кароодон өтпөйт. Азыр калк арасында, ошол эле жаштарда стресс факторлору көп. Анан буга туура эмес тамактануу да себеп. Инсульт бир күндө эле пайда боло калбайт. Бул ден соолуктагы бир нече көйгөйдөн улам козголот. Инсультка негизинен тамеки чегүү, спирт ичимдигин, баңгизат пайдалануу, аз кыймыл, семирүү жана туура эмес тамактануу алып келет. Мунун баары холестериндин топтолушуна, жүрөк ооруларына, гипертонияга жана акыры инсультка кептейт. Энергетик ичимдиктердин да зыяны күч.
Ошондой эле туура эмес жашоо образын кечирип түнү менен клубдарда ойноп же түнкү нөөмөттө иштегендер бар. Ушундан улам инсульт жашарып жатат деп айтсак болот.
© Фото / Мээрим СтамкуловаБакаева: инсультка мурда деле жаштар кабылчу. Бирок акыркы убакта дүйнөдө бул дарттын жашарып баратканы байкалууда. Буга биринчи кезекте жер жүзүндө калктын санынын өсүшү, экинчиден, ички жана сырткы миграциянын көбөйүшү себеп
Врач-невролог Национального госпиталя КР Дариха Бакаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бакаева: инсультка мурда деле жаштар кабылчу. Бирок акыркы убакта дүйнөдө бул дарттын жашарып баратканы байкалууда. Буга биринчи кезекте жер жүзүндө калктын санынын өсүшү, экинчиден, ички жана сырткы миграциянын көбөйүшү себеп
— Сиздердин тажрыйбада инсультка кабылган адамдардын эң жашы канчада?
— Менин практикамда 23 жаштагы жигит инсульт болду. Ошол эле курактагы кыздар да келген. Ал жигиттин каны коюлуп кетип, мээнин бир жак бөлүгү иштебей комага түшүп калган. Бизге оор акыбалда алып келишти. Изилдей келгенде анын буга чейин жүрөк-кан тамыр оорусу болгону жана дарыгерлерге кайрылбаганы аныкталды. Мурда алдын алуу иштер жүргүзүлбөгөндүктөн инсультка кабылып, натыйжада майып болуп калды.
— Негизи балдар инсульту дегенди да кездештиребиз. Бала инсультка кабылганын кантип билсе болот?
Диабетикалык бут жана айыкпаган жаралар клиникасынын жетекчиси Максат Бообеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Подиатр Бообеков: дүйнөдө 20 секунд сайын диабетке кабылган бир кишинин буту кесилет
— Ооба, андай да болот. Бала төрөлүп жатканда жараат алып калат же курсакта жатканда эле өзгөрүүлөрдүн негизинде кан коюлуп же мээсине кан куюлган учурлар мурда деле кездешип келген. Мындай наристе төрөлгөндөн кийин майыптыкка учурап калышы мүмкүн. Бул дагы мээнин кайсы бөлүгү канчалык жабыркаганына байланыштуу болот.
— Микроинсульттун кадимки инсульттан эмне айырмасы бар?
— Микроинсульт деле кадимки инсульт болуп эсептелинет. Мында мээнин аз эле бөлүгү жабыркашы мүмкүн. Ал тез убакыттын ичинде калыбына келип, адам кадимки жашоого кайрылат. Эч кандай белгилери калбайт. Майыптыкка кабылбайт. Бирок экинчи жолу инсультка кабылганда оор болуп калышы мүмкүн. Микроинсультту эскертүү катары кабыл алышыбыз керек.
— Кыргызстанда инсульт менен бирге эле жүрөк-кан тамыр оорулары да көп кездешет. Бул дарт менен жабыркагандардын баары эле инсультка кабылышы мүмкүнбү же канча пайызынын кабылуу кооптуулугу бар?
— Бизде инсульт менен бул оору бирдей эле көрсөткүчтө бара жатат. Организм системалуу болгондуктан жүрөк-кан тамыр жабыркаса мээдеги кан тамырлар да жабыркайт. Ошол себептен бул дарт менен ооругандардын көбү инсультка кабылат. Андыктан өз ден соолугубузга кайдыгер болбошубуз керек.
— Инсультка мүнөздүү белгилер жана аларга убагында кандай жардам көрсөтүү керектиги тууралуу айтсаңыз?
— Азыркы учурда "сокку" же орусча "удар" деген баракчалар коомдук жайларда илинип, элге массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилип жатат. Мисалы, "сокку" дегенди чечмелесек, адам инсультка чалдыкканда биринчи "с" — сүйлөөсү бузулат, "о" — оозу кыйшаят, анан "кк" — кол кыймылдабай калат, ал эми "у" дегени — бул убакыт. Инсульт алган жаранга тез арада жардам чакырып, ооруканага ылдам алып барсак сактап калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Үч-төрт сааттын ичинде бейтапка жардам көрсөтүлсө кесепети анчалык оор болбойт.
© Фото / Мээрим СтамкуловаБакаева: микроинсульт деле кадимки инсульт болуп эсептелинет. Мында мээнин аз эле бөлүгү жабыркашы мүмкүн. Ал тез убакыттын ичинде калыбына келип, адам кадимки жашоого кайрылат
Врач-невролог Национального госпиталя КР Дариха Бакаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бакаева: микроинсульт деле кадимки инсульт болуп эсептелинет. Мында мээнин аз эле бөлүгү жабыркашы мүмкүн. Ал тез убакыттын ичинде калыбына келип, адам кадимки жашоого кайрылат
— Инсультту баштан кечирген адамдардын организминде кандай өзгөрүүлөр болот?
— Негизи бул ооруга чалдыкканга чейин эле ал адамдын организминде көп өзгөрүүлөр болот. Кант диабети, кан басымы оорусу бар, ашыкча салмактан кыйналган же ичимдик ичип, тамеки тарткан организм айырмаланып турат да. Булар инсультка кабылганда гана бизге кайрылып жатышпайбы. Инсульт алгандан кийин көпчүлүгүнүн бир колу же буту иштебей, айрымдары тамак жута албай майып болуп калат. Анан экинчи ирет кайталануу коркунучу да туулат. Аны болтурбоо үчүн врачтын берген дарыларын убагында ичип, маалы менен кароодон өтүп, анализ тапшырып туруу керек. Бейтапты оор учурдан чыгарган соң үйүнө жөнөтөбүз. Андан кийин жашаган жериндеги неврологдордун айтканын кылып, өз убагында текшерилип турушу абзел.
— Инсультка кабылган адамдардын маектерин карап отуруп, ооруганына 5-10 жыл болгон бейтаптар оорунун кесепетин жоюп, организмин толук дарылай алганын уктум. Негизи бизде дарылануу ыкмалары кандай, толук айыгып кетүү мүмкүнбү?
Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологу, маммолог, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагим Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Онколог-маммолог: тай жагында эмчек рагы бар адам сөзсүз анализ тапшырышы керек
— Жогоруда айтып кеткендей, ал мээсинин жабыркашына жараша болот. Дарылап баштаганда эле реабилитацияны да дароо баштоо керек. Мурда дарылагыча кыймылдатпай, бейтап жата берчү. Азыр андай жок. Бул жерде мультидисциплинардык дарыгерлер тобу, ошол эле логопед, реабилитолог өңдүү врачтар кошулушу керек. Диетолог да кошо иштейт. Ооруга чалдыккан адамдын жакын адамдарын инсульт мектебинен бейтапка кам көрүү боюнча окутабыз. Инсульт болгон күндөн баштап эле калыбына келтирүү иши да чогуу кетиши керек.
Оорунун деңгээлине жараша бейтапты атайын бөлмөгө жаткырып, ага шарт түзүп берген жакшы. Буга ылайык функционалдык керебет, кечке жата бергенде денеси жара болуп кетпеши үчүн атайын матрас, машыгуучу шаймандар керек. Үй-бүлөсү ушунун баарын түзүп берсе, албетте, сакайып кетишине чоң жардам болот.
— Ооруну алдын алуу маселелери тууралуу да сүйлөшсөк. Буга биздин тамактануудагы айрым адаттарыбыздын да зыяны тийбейби?
— Биз эттүү, камыр тамакты көп жейбиз. Ашканабыз ошондой. Майлуу тамактарды азыраак жеп, ашыкча салмак кошпогонго аракет кылалы. Көбүрөөк басышыбыз абзел. Үйдө жөнөкөй эле көнүгүүлөрдү жасап турганыбыз оң. Муну ар бир эле дарыгер айтат. Жеңил, майы жок, куурулбаган, бууга бышкан тамактарды жегиле. Кечинде уктаар алдында күчтүү тамактарды жебестен эки саат мурда тамактанып, аябай эле курсагы ачып кетсе бир стакан кефир ичип алса болот.
Негизи эле үй-бүлөлүк дарыгерге барып, бир жылда бир кан басымын, канынын суюк же коюу экендигин текшертип алуу керек. Айрымдар үй-бүлөлүк дарыгерлерди укпай "бул айта берет да" деп коюшат. Жаш курактын өйдөлөшү менен туура эмес жашоо образы атеросклероз (кан тамырлардын майга толушу) оорусун да пайда кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0