Байжиев Мар Ташымович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Маданияттын дөө-шааларынын бири Мар Байжиевдин өмүр баянын Sputnik Кыргызстан даярдаган таржымалдан окуңуздар.
Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Фрунзе шаарында өткөн.
Атасы белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиев. Мар Байжиев өзү драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, кино жана театр режиссёру катары белгилүү.
1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, андан соң Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун аяктаган.
"Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген.
1961-жылы анын "Каракурт" деген сатиралык аңгемелерден турган жыйнагы жарык көргөн. Кийин ал биротоло драматургия жанрына өткөн. "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Биз — эркектер", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд" пьесалары жазылып, СССРдин жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ийгилик менен коюлган. "Эрөөл" пьесасынын сюжетине эки опера түзүлгөн. Ошондой эле "Кожожаш" эпосунун мотиви боюнча "Байыркы жомок" драмасын жазган.
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Мар Байжиевдин элде калган нускасы. Ыйык сүйүүнү сактап калыш үчүн кайрат керек...
Кинодраматургияда да жемиштүү иштеп келген. Анын жазган сценарийлери боюнча "Кыргызфильм", "Өзбекфильм", "Казакфильм" студияларында көркөм фильмдер тартылган. Анын аңгемелеринин мотиви менен СССРдин башка аймактарында кыска метраждуу көркөм фильмдер тартылган.
Мар Байжиев Касымалы Жантөшевдин, Тоголок Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон жана "Манас" эпосунун орус тилинде чыгышын даярдоого катышкан.

Сыйлыктары

III даражадагы Манас жана Данакер ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз кинематографиясынын отличниги болгон.
Жубайы менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.
2021-жылы 29-октябрда 86 жашында көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0