"Манас" аэропортунун иши үзгүлтүккө учурап, кайра жанданды

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Манас" аэропорту. Архив
Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, саат 8:15те электр чыңалуусу дароо көтөрүлүп кетип, аэропорттун коммуникациялык системасынын ишине тоскоолдук жараткан.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Эртең менен "Манас" эл аралык аэропортунда электр энергиясына байланыштуу көйгөй жаралып, бир нече каттам убактылуу кармалып калды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 8:15те электр чыңалуусу дароо көтөрүлүп кетип, аэропорттун коммуникациялык системасынын ишине тоскоолдук жараткан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөрдү каттоо, паспорттук стол сыяктуу жайларда иш убактылуу токтотулган.
"Мындан улам Бишкек — Стамбул жана Бишкек — Алматы каттамдарынын жүргүнчүлөрү 30 мүнөттөй кечигип каттоого алынды. Жарандар аэропортко саат 10:09дан тарта киргизиле баштады", — деп айтылат билдирүүдө.
Бирок чек аранын көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын иши токтогон жок. Анткени анын сервердик жабдуулары башка блокто орнотулган.
Учурда аба майданы штаттык режимде иштеп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0