https://sputnik.kg/20211023/zhehehnbekov-ehks-prezident-makamy-zhaparovdun-zhoobu-1054326055.html
Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылабы? Жапаровдун жообу
Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылабы? Жапаровдун жообу
Sputnik Кыргызстан
Азыркы мамлекет башчы Жээнбековдун өтө чоң кылмыштары жок экенин, ошол эле учурда саясий жоопкерчиликтери бар деп белгиледи. 23.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-23T13:38+0600
2021-10-23T13:38+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
сооронбай жээнбеков
садыр жапаров
президент
макам
жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/10/1050094835_0:102:3072:1840_1920x0_80_0_0_df2f3420baf167b32f9919997e6a2c00.jpg
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Журналист мамлекет башчы Садыр Жапаровдон Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууга кандай көз карашта экенин сурады. Ушул тапта Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖМК өкүлдөрү менен жыйын куруп, суроолоруна жооп берүүдө.Журналисттердин бири ага "Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Буга кандай карайсыз?" деген суроо берген. 2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон. Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Жээнбеков экс-президент макамын алган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/10/1050094835_0:6:3072:1936_1920x0_80_0_0_6e1ac5975e2dfbec9b45ca1b5500bde4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, сооронбай жээнбеков, садыр жапаров, президент, макам, жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, сооронбай жээнбеков, садыр жапаров, президент, макам, жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылабы? Жапаровдун жообу
13:38 23.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Азыркы мамлекет башчы Жээнбековдун өтө чоң кылмыштары жок экенин, ошол эле учурда саясий жоопкерчиликтери бар деп белгиледи.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Журналист мамлекет башчы Садыр Жапаровдон Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууга кандай көз карашта экенин сурады.
Ушул тапта Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖМК өкүлдөрү менен жыйын куруп, суроолоруна жооп берүүдө.
Журналисттердин бири ага "Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Буга кандай карайсыз?" деген суроо берген.
"Ал боюнча маселе жок, экс-президент бойдон калат. Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктаган салтты токтотолучу. Анын өтө чоң кылмыштары деле жок. Албетте, саясий жактан жоопкерчиликтери бар", — деген Жапаров.
2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон. Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Жээнбеков экс-президент макамын алган.