Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аскаров: "Кыргызтелеком" социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизди

© Sputnik / Асель СыдыковаЧлен Совета директоров ОА "Кыргызтелеком" Канатбек Аскаров
Член Совета директоров ОА Кыргызтелеком Канатбек Аскаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Канатбек Аскаров аталган мекеме бир катар социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизгенин айтты.
"Кыргыз телеком" ААК "Телемедицина", "Коопсуз мектеп" жана "Жеткиликтүү санариптик дүйнө" социалдык долбоорлорду ишке киргизип жатат. Мунун артында мамлекеттик кызматтарды санариптештирип, калк үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздайбыз. Бул тууралуу Канатбек Аскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аскаров: "Кыргызтелеком" социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизди
Анын айтымында, "Кыргызтелеком" санариптештирүүнүн алкагында коопсуз мектеп, көчө, айыл, аймак жана республика статусуна жетүүнү көздөп жатат.
"Ишкана Кыргызстанда "Телемедицина" долбоорун ишке киргизүү боюнча техникалык өнөктөш болуу демилгесин көтөрдү. Мында оорукана акысыз интернет менен камсыз болуп, видео байланыш уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар сатып алынат. Дарыгерлер видео чалуу аркылуу кеп-кеңеш берип, илдетти аныктоо, дарылоо жана алдын алуу максатында башка мекемелердеги кесиптештери менен кеңешип, изилдөө жүргүзүүгө жана баа берүүгө зарыл болгон маалыматтар менен алмаша алат. Ал эми "Коопсуз мектеп" социалдык долбоорунда мектеп интернетке туташтырылып, видео байкоо жүргүзүүчү камералар орнотулат. Мобилдик тиркеменин жардамы менен мугалимдер, мектептин администрациясы, ата-энелер балдар сабактан кийинки бош учурда кантип убакыт өткөрүп, эмне менен алек экендигин онлайн көрүшөт. Бул долбоор окуу жайларга комплекстүү кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталган жана аны ишке ашырууда артыкчылык Кыргызстандын алыскы аймактардагы окуу жайларына берилет. Андан тышкары "Жеткиликтүү санариптик дүйнө" долбоорунун алкагында "Кыргызтелеком" ААК айыл өкмөтүнүн имаратында Wi-Fi роутер орнотуп, акысыз интернет менен камсыздайт. Айылдын жашоочулары сейилдөө паркында интернет-байланышын эркин пайдаланып, жакындарына интернет аркылуу чалуу, дарыгерлерге кабыл алууга онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Ал эми балдар коомдук статусуна карабастан, өнүгүү жана кошумча билим алуу үчүн интернет ресурстарын колдоно алышат", – деди Аскаров.
Ал аталган долбоорлор сынамык негизде Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө иштеп жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0