Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 5 жылдык программасы бекитилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы эл. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Конституция жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу улуттук программа бекитилген.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы Конституция кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу улуттук программа бекитилгени белгиленди.
Министрлер кабинетине төмөнкүдөй милдеттер коюлду:
  • 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
  • 2018-2040-жылдары өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;
  • ушул жарлыктын алкагында тиешелүү чараларды көрсүн.
Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.
Улуттук программанын тексти президенттин сайтына тиркелген.
Жаңылыктар түрмөгү
0