https://sputnik.kg/20211004/ysyk-kol-zhol-kyrsyk-akmatbaevdin-ata-ehnesi-oldu-1054112221.html
Ысык-Көлдө жол кырсыгында Рысбек Акматбаевдин ата-энеси көз жумду
Ысык-Көлдө жол кырсыгында Рысбек Акматбаевдин ата-энеси көз жумду
Sputnik Кыргызстан
Кырсык бүгүн эртең менен болду. Милиция айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, унаасы аласалып кеткенин билдирди. 04.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-04T13:27+0600
2021-10-04T13:27+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
окуялар
ысык-көл
жкккбб
ата-эне
жол кырсык
өлүм
2021-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054111974_232:166:874:529_1920x0_80_0_0_fec645b1cf6c3af328e357d8430476bc.jpg
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө Lexus RX 300 унаасы кырсыкка учурап, ичиндеги 84 жана 81 жаштагы аялы менен күйөөсү көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.Sputnik агенттигине ишенимдүү адам карыялар белгилүү кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин ата-энеси экенин билдирди.ЖКККББнын маалыматына караганда, каргаша бүгүн, 4-октябрда, саат 10:05тер чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 26-чакырымында, тагыраагы, Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда болгон.Окуя Ысык-Көл РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.Эскерте кетсек, Рысбек Акматбаев 2006-жылы киши колдуу болгон. Аны Көк-Жар айылында мечиттин алдынан бет капчан кишилер атып кетишкен. Ага чейин Акматбаев адам өлтүрүүгө шектелип, бирок акталган болчу. Ал шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүп, бирок мандат алууга жетишпей калган. Акматбаевдин өлүмү боюнча иштин бети бүгүнкү мезгилге чейин ачыла элек.
https://sputnik.kg/20211003/tokmok-zhol-kyrsyk-olum-1054104233.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054111974_0:80:1000:708_1920x0_80_0_0_04ecc8821a9f8524b147569ea45e52d2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, окуялар, ысык-көл, жкккбб, ата-эне, жол кырсык, өлүм, 2021-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
жаңылыктар, кыргызстан, коом, окуялар, ысык-көл, жкккбб, ата-эне, жол кырсык, өлүм, 2021-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Ысык-Көлдө жол кырсыгында Рысбек Акматбаевдин ата-энеси көз жумду
13:27 04.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кырсык бүгүн эртең менен болду. Милиция айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, унаасы аласалып кеткенин билдирди.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө Lexus RX 300 унаасы кырсыкка учурап, ичиндеги 84 жана 81 жаштагы аялы менен күйөөсү көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Sputnik агенттигине ишенимдүү адам карыялар белгилүү кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин ата-энеси экенин билдирди.
ЖКККББнын маалыматына караганда, каргаша бүгүн, 4-октябрда, саат 10:05тер чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 26-чакырымында, тагыраагы, Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда болгон.
"84 жаштагы А.А. рулга ээ боло албай жолдон чыгып, унаасы аласалып кеткен. Натыйжада айдоочу жана жанындагы жүргүнчү болуп бара жаткан 81 жаштагы жубайы С.С. менен кырсык болгон жерден көз жумган", — деп билдирди милиция.
3 Тогуздун айы 2021, 18:40
Окуя Ысык-Көл РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Рысбек Акматбаев 2006-жылы киши колдуу болгон. Аны Көк-Жар айылында мечиттин алдынан бет капчан кишилер атып кетишкен. Ага чейин Акматбаев адам өлтүрүүгө шектелип, бирок акталган болчу. Ал шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүп, бирок мандат алууга жетишпей калган. Акматбаевдин өлүмү боюнча иштин бети бүгүнкү мезгилге чейин ачыла элек.