Жоомарт Оторбаев менен Асылбек Жээнбеков абакта калтырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Эки аткаминер тең Кумтөр кенине байланыштуу мыйзамсыз иштерге айыпталууда. Алардын бири июнда, экинчиси сентябрь айында камалган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы кайрадан каралып, УКМКнын тергөө абагында калтыруу мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылды. Бул боюнча чечимди кабыл алган Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

"Соттун 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектүүлөр Жоомарт Оторбаев менен Асылбек Жээнбеков тергөө абагында ушул жылдын 30-ноябрына чейин калтырылат", — деп жазылат билдирүүдө.

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгуналы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Туйгунаалы Абдраимов УКМКга жооп кайтарып, кантип байыганын айтып берди
Атайын кызмат Оторбаевди Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 16-сентябрда кармаган. Ал "Кумтөр голд компанинин" (Центерра Голд Инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталууда.

Ал эми ЖКнын мурдагы төрагасы, экс-президенттин бир тууганы 1-июнда камакка алынган. Ал дагы "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шек жаратып жатат. Бул иш боюнча бир катар аткаминерлер менен депутаттар кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0