00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте вакцинадан кийин каза болду деген аял. Министр себебин айтты

© AP Photo / Emilio MorenattiМедициналык кызматкер ооруканада COVID-19дан жабыркаган адам менен. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада COVID-19дан жабыркаган адам менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Эске салсак, 46 жаштагы аял 19-июль күнү №1 үй-бүлөлүк медицина борборунан вакцина алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Министрлик соттук-медициналык экспертиза жүргүзүп баштаган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумду деген аял тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, 46 жаштагы Назгүл Искакова 19-июль күнү №1 үй-бүлөлүк медицина борборунан "Спутник V" вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Министрлик соттук-медициналык экспертиза баштаган болчу.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Бишкекте вакцинадан кийин каза болду деген аял. Министр себебин айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
"Кыргызстанда вакцинадан көз жумду деген маалыматтар тастыкталган эмес. Соттук-медициналык экспертиза Искакова вакцина алганга чейин COVID-19 жуктуруп, пневмония болгонун көрсөткөн. Мындан улам ал коронавирустан каза тапкан деп айтууга болот", — деди министр.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов да Sputnik Кыргызстан агенттигине бейтап эмдөөгө чейин коронавирус жуктурганын айтып, бирок комиссия эспертизанын жыйынтыгын толугу менен чыгара электигин билдирди.

"Ооруканадан аялдын ПЦР-тести таза чыккан, себеби мурун көңдөйүнөн алышкан. Кийин денесин ачып өпкөсүн текшергенде вирус бар экени тастыкталды. Ошол эле учурда пневмония боло элек экен. Болжолдуу түрдө менингити өрчүп кеткен. Бирок бул оору менен коронавирустун байланышы так аныктала элек. Комиссиянын иликтөөсү толугу менен бүткөн соң айтууга болот", — деди Акунов.

Ал комиссия бир жыйынтыкка келмейинче жана ага тараптар макул болмоюнча иликтөө улана берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0