Айдоочулардын эсине! 26-сентябрда Бишкектин көчөлөрү жабылат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөнү жаап турган кайгуул милиция кызматкери. Архив
Көчөнү жаап турган кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Жолдор эртең менен эрте жабылат. Мэриянын маалыматына караганда, саат 11:00гө чейин четинен ачыла берет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкекте 26-сентябрда көпчүлүк көчө жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул күнү эл аралык "Ак илбирсти сактайбыз" жарым марафону өтөт.

  • Негизги маршрут (21 чакырым) саат 07:00дөн 10:00гө чейин жабылат:
  • Чүй проспектисинин Манастан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Абдрахманов көчөсүнүн Чүйдөн Иманалиевге чейинки бөлүгү;
  • Иманалиевдин Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;
  • Масалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;
  • Чыңгыз Айтматов проспектисинин Иманалиевден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

Жолдордун эрте жабылышына маршрутка хронометраждын электрондук системасын орнотуу, катышуучуларга тамактануу пунктун уюштуруу иш-чараларынын аткарылышы себеп. Маршрут жалпы жонунан үч саатка жабылат.

Андан соң төмөнкү көчөлөр четинен ачыла баштайт:

  • 07:20 — Чүй проспектисинин Эркиндиктен Абдрахмановго чейинки бөлүгү;
  • 07:28 — Абдрахмановдон Горькийге чейин;
  • 07:43 — Байтик баатырдан Ахунбаевге чейин;
  • 07:55 — Байтик баатырдан Масалиевге чейин;
  • 08:11 — Масалиев көчөсүнүн (түндүк тарабы) Советскийден Чыңгыз Айтматовго чейинки бөлүгү;
  • 08:25 — Байтик баатырдан Иманалиевге чейин;
  • 08:28 — Иманалиевден Чыңгыз Айтматовго чейин;
  • 08:52 — Чыңгыз Айтматовдон Масалиевге чейин (түштүк тарабы);
  • 09:08 — Масалиев көчөсүнүн (түштүк тарабы) Чыңгыз Айтматовдон "Ала-Тоо" ресторанына чейин;
  • 09:22 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Ахунбаевге чейин;
  • 09:35 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Горькийге чейин;
  • 09:46 — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Москвага чейин;
  • 09:51 — Айтматов проспектисинен Чүйгө чейин;
  • 09:55 — Чүй проспектисинен Тоголок Молдого чейин;
  • 10:00 — Чүй проспектисинен Панфиловго чейин;
  • 11:00 — Орозбеков көчөсүнүн Чүйдөн Абдымомуновго чейинки бөлүгү, Абдымомуновдун Орозбековдон Раззаковго чейинки бөлүгү, Раззаковдун Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.
Жаңылыктар түрмөгү
0