Кыйноолорду алдын алуу борбору Асановдун №50 абакта кармалышына тынчсызданууда

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор ички иштер министринин мурдагы орун басарынын өзгөчө режимдеги мекемеде кармалышы кооптуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду №50 абак жайына камакка алган соттун чечимине тынчсыздануусун билдирди. Улуттук борбор бул чечим боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Анда улуттук борбордун кызматкерлери абак жайларга барганда мурдагы мамлекеттик, күч органдарынын кызматкерлеринин, купуя маалыматтарды билген аскер адамдарынын арасында катардагы эркинен ажыратылгандар бар экенин көрүшкөн.

"Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Курсан Асановдун бул мекемеде кармалышы анын өмүрү үчүн кооптуу болушу мүмкүн деп тынчсызданганын билдирет. Ага карата катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин болушун алдын алуу маанилүү", — деп белгиленет кайрылууда.

Курсан Асанов 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалуучу №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул иш боюнча "Толубай" коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмаз Сарыбаев да камалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0