Прокуратура депутаттарды суракка сүйрөгөн каттын жасалмалуулугун текшерүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Депутат башкы прокурордон автор өзү каттын түп нускасы өзгөрүлүп калганын айтканына карабай суракка чакыруунун мыйзамдуулугун сурады.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын суракка чакырууга негиз болгон маданият кызматкери Сонунбү Кадырованын президентке жазган катынын жасалмалуулугу текшерилип жатат. Бул туурасында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков автор өзү каттын түп нускасы өзгөрүп калганын айтканына карабай, жалган маалыматка таянып депутаттарды суракка чакыруунун мыйзамдуулугун сурады.

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЭл өкүлү Рыскелди Момбеков
Прокуратура депутаттарды суракка сүйрөгөн каттын жасалмалуулугун текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Эл өкүлү Рыскелди Момбеков
"Бир ырчы кара тоголок кат менен кайрылды эле. Ички иштер министрлиги төрт депутатты суракка чакырды, аны жазган автор өзү "фейк, төртөөнө окуткан эмесмин, кол койгон жок. Ичин президенттик администрация оңдоп коюптур" деди. Фейк маалымат болуп жатса да суракка алышты да. Мыйзам тескери иштегенде ыйман тескери иштеп баштайт. Өткөндөн сабак алыш керек", — деди Момбеков.

Башкы прокурор муну ИИМ тергеп жатканын, андыктан иш башталганда эле кийлигишсе кызмат абалынан пайдалануу катары кабылданарын белгиледи.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБашкы прокурор Курманкул Зулушев
Прокуратура депутаттарды суракка сүйрөгөн каттын жасалмалуулугун текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Башкы прокурор Курманкул Зулушев
"Биз мыйзамдуулугун карап турабыз, чыгармачыл чөйрөдөгү аялдын арызы КЖБРге эмес, маалыматтык журналга катталыптыр. Тергөө "Курсан Асановду сураганда депутаттарды ага кошуп сурадык" деди. Биз мунун баарын тактадык. Ал эми каттын жасалмаланганы боюнча териштирип, анан маалымат беребиз. Бул катты жазып кол койгону анык, фейк эмес. Бирок бир барагын алмаштырып коюптур деп жатат. Ал боюнча текшерүү иштери жүрүүдө", — деди башкы прокурор.

Эске салсак, маданият кызматкери Сонунбү Кадырова бир катар саясатчылардын атын атап "бийликти күч менен басып алуу аракетин көрүп жатат, аларга катуу чара көрүңүз" деген мааниде президентке кайрылуу жолдогон. Анын алкагында депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Бакыт Жетигенов жана башка бир топ адам ИИМге сурак берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0