Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБалыкчы шаарындагы үйлөр. Архив
Балыкчы шаарындагы үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
19-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жекшемби күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +24...+29 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0