Кыргызстандык 100 аскер Оренбургдагы ШКУнун машыгуусуна катышууда

© Фото / пресс-служба Генерального штаба вооруженных силКыргызстан Куралдуу күчтөрүнөн "Скорпион" атайын багыттагы бөлүгүнүн аскерлери "Тынчтык миссиясы — 2021" машыгуусунда
Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнөн Скорпион атайын багыттагы бөлүгүнүн аскерлери Тынчтык миссиясы — 2021 машыгуусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Россия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын 4 миңге чукул аскери бир жерде машыгууда.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн "Тынчтык миссиясы — 2021" аталышындагы терроризмге каршы командалык машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Машыгуулар Россиянын Оренбург облусундагы Донгуз полигонунда 11-25-сентябрь күндөрү болору айтылды. Ага ШКУга мүчө мамлекеттер — Россия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын 4 миңге чукул аскери катышууда. Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнөн "Скорпион" атайын багыттагы бөлүгүнүн 100дөн ашуун аскери барган.

"Машыгууга Ми-8 тик учагы, СУ-24МР чалгындоочу самолёту, СУ-34 истребители жана Ил-76 аскердик-транспорттук учагы тартылган. Мында аскерлер ШКУга мүчө мамлекеттердин коалициялык тобунун күчтөрү менен биргеликте террорчуларга каршы операцияларды жүргүзүүнү өздөштүрөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындай машыгууларды өткөрүүнүн максаты аскердик башкармалык органдарынын шайкештик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык террордук уюмдардын согуштук аракеттерине каршы аскердик күчтөрдү калыптандыруу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0