Кыргыз-казак эл аралык айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

© Фото / пресс-служба Министерства культуры КРКыргызстандык акын Асылбек Маратов
Кыргызстандык акын Асылбек Маратов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Кыргыз менен казактын айтыш өнөрүнүн ээлеринин беттеши өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Жеңижоктун 160 жылдыгына жана Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата болду.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак эл аралык "Айтыш- 2021" сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Баш байге акындар Асылбек Маратов менен Айбек Калиевге ыйгарылган.

1-орун:

  • Акматбек Султан уулу;
  • Аспанбек Шугатаев.

2-орун:

  • Нурмат Мансуров;
  • Турат Жумаев.

3-орун:

  • Кубат Тукешов;
  • Бөрүбай Орозымбетов.

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Москвада манас айтуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Дөөлөт Сыдыков 5 күнгө созулган манас айтууну баштады. Видео
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, кыргыздын төкмө акыны Жеңижоктун 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышы 31-август күнү жыйынтыкталды.

Айтыш Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Республикалык "Айтыш" коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0