Жапаров: Манастын күмбөзү — эгемендүүлүк эзелтеден тиленген ыйык жер!

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область
Визит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Президент өз сөзүндө "Манас" эпосу бир кезде кыргыз эли Евразиянын мейкиндиктеринде көчмөн империяларды түптөгөн тектеш түрк элдери менен мүдөөлөш, рухташ болгонун даңазалаган таберик экенин белгиледи.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бүгүн, 29-августта, президент Садыр Жапаров Талас облусунда өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Урааным Манас!" театрлаштырылган маданий иш-чаранын жүрүшүндө элге кайрылды. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров эгемендүүлүк тууралуу асыл ой-кыялдардын башаты дагы, аруу тилектердин, мамлекеттүүлүк тууралуу бийик идеялардын калыптанышы дагы эзелтеден жер сорусу атыккан дал ушул кереметтүү Талас жергеси жана Манас атанын ыйык руху менен байланышту экенин белгиледи.

Театрлаштырылган иш-чара улуу баатыр Манастын күмбөзү жайгашкан "Манас Ордо" улуттук комплексинде уюштурулду.

"Кайсы бир кылымдарда, замандардын кайсы бир бүктөмдөрүндө эгемендүүлүгүн жоготуп алган качанкы ата-бабаларыбыз өз алдынча элдүүлүктүн кайра калыбына келер кезеңин самап, өз алдынча түндүк көтөрөр заманды тилеген тура, ошол күндөн тартып Манастын рухуна уйкаштырып ыр арнап сыйынганды, ал эми төбөсү бийик күмбөзүнө таазим этип тайынганды ырым кылып, соңунда ошол ыры ааламда теңдеши жок улуу баянга айланды да, ырымы улуттук улуу салтка айланды! Ошол себептен тунжурап турган бул күмбөз — далай муундун ый-муңун, тилегин уккан ыйык күмбөз! Мына бул күмбөз — бу жарыкчылыкта эл-жер үчүн күйүп-жанып жашап өткөн далай-далай азаматтын тизелей отуруп, алакан жайып, "касиетиңен кагылайын Манас ата! Арбагың тирүү экени чын болсо кыргыз тукумун эзели кем кыла көрбө! Кагылайын Манас ата! Эл-журтубуздун башына күнү тууган заманды буюра көр!" – деп жалбарып, мамлекеттүүлүктү миң кайталап суранганына, эгемендүүлүктү какшанып тиленгенине күбө өткөн күмбөз!" — деди президент.

Жапаров белгилегендей, кылымдар бою кайталанып айтыла берип, кудуреттүү күчкө, өзгөчө энергияга ээ болгон ошол тилектер күмбөздүн ар бир кыш-кирпичине, ушул тегерек-теребелдин ар бир ташына сиңип, уюп калган. Демек, Кароол-Чокунун тегереги, Манастын күмбөзү — аруу тилек айтылып, эгемендүүлүк эзелтеден тиленген ыйык, касиеттүү жер!

Президент "Манас" эпосу бир кезде кыргыз эли Евразиянын мейкиндиктеринде көчмөн империяларды түптөгөн тектеш түрк элдери менен мүдөөлөш, рухташ болгонун даңазалаган таберик экенин кошумчалады.

"Манас" эпосу – көчмөн цивилизациянын, байыркы түрк дүйнөсүнүн кара чамгарагын, рухун мурастаган уруулардын, ошол уруулардан куралган элдин гимни! Ошол себептен "Манасты" угуп жатканыңда бир карасаң байыркы гунндардын кылымдар түпкүрүнөн чыккан дабышы угулат, бир карасаң эзелки көк түрктөрдүн айгайлаган үнү жаңырат, бир карасаң байыркы кыргыздардын "баарыңардын башыңарды кошуп бир мамлекетке бириктирем" деген тейдеги көк айрыган урааны угулат", - деди өлкө башчысы.

Рабочая поездка президента Садыра Жапарова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жапаров Таластагы Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды
Ал эпостогу "Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым!" деген саптарын келтирип, бул ата-бабаларыбыздын мамлекет түптөөдөгү чеберчилиги, улут куроодогу тажрыйбасы гана эмес, кийинки муун үчүн да айтылган керээзи дагы экенин айтты.

Жапаров көсөмдүк менен айтылган мындай насаат кептин үгүтүн улантуу зарылдыгын белгиледи. Себеби тарыхый жагдай ыроологон мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгаруунун кедергиси канчалык оор тиерин жакшы билебиз.

Президент көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун жана анын командасынын 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусун, келечектеги кыргыз улутун түзүүдөгү модели Манас атанын кыял-тилегине дал келген, аны уланткан модель катары мисал келтирди.

"Жусуп Абдрахманов жана анын санаалаштары Кара Кыргыз автономиялуу облусунун курамына Фергана өрөөнүнүн түпкүлүктүү элдери – түрктөрдүн, кыпчактардын, кара калпактардын, курамалардын кириши үчүн жан үрөп күрөшкөн экен. Аттиң, абдрахмановчулардын бул кыял-тилеги, модели ишке ашкан жок, бирок ал жана анын санаалаштары курама топтоп журт кылуунун ХХ кылымдагы жаңы өрнөгүн көрсөтүүгө умтулган экен! Муну айтып жатканымдын себеби азыркы муун улуулардын жолоюн улап, регионализм, трайбализм, жаатчылык сыяктуу терс көрүнүштөрдүн тамыр жайышына жол бербеши керек", — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, XXI кылым элибиздин алдына жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар жаңы сыноолорду да тартуулады.

Ош шаарындагы негизги туу жаңыланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарындагы негизги туу жаңыланды. Сүрөттөр
"Кыргызстанды модернизациялоо жана жаңылоо максатын эске алып, биз быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алдык, элдин колдоосу менен президенттик башкаруу формасына кайтып келдик. Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат. Биз келечектеги муундардын алдында чоң жоопкерчиликтебиз. Технологиялар жана индустрия жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү менен өлкөнү заманбап өнүгүү, прогресс жолуна чыгаруу боюнча көптөгөн маселелерди чечүү жаатында алдыда оор жана олуттуу иштер турат. Ошондой эле өлкөнүн көз карандысыздыгы менен суверендүүлүгүн сактоого жана чыңдоого, Кыргызстандын бирдиктүү элинин улуттар аралык жана маданияттар аралык ынтымагын сактоого жана өнүктүрүүгө, маданий баалуулуктарын көбөйтүүгө милдеттүүбүз. Ылайым жергебизде "Манас" урааны жаңырып турсун! Ылайым кыргызды Манас атанын руху колдосун!" — деп сөзүн жыйынтыктады президент Жапаров.

Эскерте кетсек, өлкө башчы бүгүн бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0