Жубайлар маекке келгенге чейин бир сыйра "Ала-Тоо" аянтын айланып, парк аралап жаш кезин эстешкенин айтып күлүп, студиябызга жакшы маанайда кирип келишти.
Чыңгыз Мамаев: — Сиздерге келгенге чейин ушул айланадагы жумуштарыбыз эрте бүтүп калып Эмка экөөбүз бир сыйра парк аралап, балмуздак жедик. Кыргыз драма театры аянттын жанында болгондуктан жаштыгыбыз, жакшы күндөрүбүз ушул жерде өткөн. Ошол учурду эске салдыңар.
— Эң жакшы. Жаш кез деп калдыңыздар, таанышкан күндү айтып бериңиздерчи.
Чыңгыз Мамаев: — Биз театралдык окуу жайдын актердук чеберчилик жаатында үч жыл чогуу окудук. Мен ага чейин Нарын музыкалык драма театрында иштечүмүн. Бир күнү шаарга декадага келип калып, бул жактан агай-эжелер мага "оку" деп сунуштап, экзамен тапшырып өтүп кеткем. Келсем Элмира да окууга жаңы тапшырып окуй баштаган кези экен. Ак жуумал, узун бойлуу, сымбаттуу кыз дароо көзүмө урунган. Ал Эмка эле. Башында группалаш катары жүрүп, кийин ага сөз айтып, кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Окууну бүткөн соң Нарын драма театрына барып, ошол жактан бир аз иштеп кийин баш кошконбуз. Бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 20 жылдан ашты. Бул аралыкта бир кыз, эки уулдуу болдук. Кызыбыз 20га чыкты.
Элмира Тагаева: — Окуп жүргөндө Чыңгыз экөөбүз уруша эле берчүбүз. Курсташтар "экөөңөр урушуп эле жүрчү эмес белеңер, кантип үйлөнүп алдыңар" деп таң калышкан. Мүнөзүбүз такыр төп келчү эмес. Чыңгыз өзү токтоо, ошол эле учурда чынчыл, бир сүйлөгөн, лидер жигит эле. Мугалимдердин баары мактачу. Ошол сапаттары акырын билинбей жүрөгүмдү ээлей берсе керек.
— Жубайлардын ортосундагы мамилени кыйынчылык сынайт деп айтышат. Андай сыноо башыңыздарга келди беле, келсе аны кантип жеңдиңер эле?
Э.Т.: — Биз баш кошордун алдында кайда иштеп, кантип оокат кыларыбызды билгенбиз. Азыркыдай ак көйнөк кийип турмушка чыгуу деген нерсе деле жок болчу. Шаан-шөкөт аз эле. Чын. Акыркы 20 жылда биз билбеген кааданын баары чыкты го. Маселен, мен турмушка чыгарда бир баштыкка керектүү кийим-кечемди салып көтөрүп алып "күйөөгө тийип жатам" деп эле автобус менен кеткем. Чыңгыз экөөбүз автобустан түшүп алып андан ары кайнене, кайнатамдын үйүнө, тоого чейин Данияр менен Жамийладай болуп араба менен барганбыз. Муну уккан жаштар азыр күлсө керек.
Түтүн булатып баштаганда алгач аябай кыйналдык. Өзүңөр билгендей, маданият кызматкерлеринин айлыгы аз, мамлекет үй-жай менен камсыз кылбайт. Кошумча каражат жок, жашаганыбыз батир. Анан улуу кызыбыз жаңы төрөлгөндө үйгө көп отурбай эле жумушка чыктым. Баланы көтөрүп алып театрга жөө барып, жөө келчүмүн. Азыр ойлоп алып өзүмө баа берем. Сахнага чыгарда баланы боёно турган бөлмөгө жаткырып коем же дагы бирөөнүн колуна кармата калып ролумду аткара калчумун. Кээде колдон-колго өтүп таппай калган күндөр болду.
Ч.М.: — Анда жашпыз. Балаңа бир нерсе алып бергиң келет, бирок ашыкча деле акча жок. Ошол кезде "Вечер" деген шоколадды 1-2ден эле алып берчүбүз.
Э.Т.: — Кыйынчылык ар адамдын башына келе турган нерсе. Болгону чыдап коюш керек экен. Кыйынчылыктын артында сөзсүз жакшы турмуш турат. Бара калганда эле баары жакшы болуп кетпейт. Кызымдан кийин жалкып калган окшойм. Төрөбөй жүрүп кийин тогуз жылдан кийин эки уулдуу болдук.
— Ошондой кыйынчылыкта түшүнүшө билүү маанилүү болсо керек.
Ч.М.: — Эмканын ошентип айткандары мага кадимкидей дем-күч берип, тынчып отуруп калчумун.
Э.Т.: — Аял менен эркектин эриш-аркак болгону жакшы деп ойлойм. Бирде болот, бирде болбойт. Жаркырап укмуш жашайбыз дегенден алысмын. Казан-аяк кагышат. Чыдабай кеткен, жарылган күндөр болот. Бирок ар бир үйдүн өзүнө тиешелүү мыйзам, эрежелери болот эмеспи. Ошол нерсени сактасаң эле үй-бүлө очогу өчпөйт.
— Сиздердин үйдө кандай эрежелер бар?
Э.Т.: — Үйдө Чыңгыздын өзүнүн талаптары, менин өзүмдүн талаптарым бар. Аял киши үйүн таза кармап, тамагы жасалуу, балдары каралуу болушу керек. Бул Чыңгыздын талаптары. Үй чачык болсо жини келет, жаман көрөт. Атасы иштен келе жатат дегенде кызым экөөбүз жаткан жерибизден ыргып туруп үй жыйнап, тамак жасайбыз. Анын бул тартибине балдар да көнгөн, баары ордунда. Мен болсо балага бошураакмын. Аларга эркиндикти көбүрөөк берем. Уктайм десе "мейли, уктай берсинчи" дейм. Ал эми Чыңгыз каникул экенине карабай балдарды таң атпай тургузчу.
Эмканын ою боюнча бала саат 10-11ге чейин уктай берсе деле болот. Мен аскерлердикиндей тартипке көнгөм, бул болсо балдарын аяй берет. Аясаң бала жашоосуна тың болбой, борпоң болуп калат. Азыр дагы шаардын балдары башкача. Негизинен ар бир баланын мүнөзү, дээри, зээнинен деңизчи, бирок ата-эненин тарбиясы да маанилүү.
— Негизи эле азыр ата-энелер арасында бул маселе талаш жаратып калбадыбы. Айрымдар баланын эркин өскөнү жакшы десе, кээ бири бекем тартипти талап кылышат.
Ч.М.: — Баланы өтө эле эркин койгон биздин менталитетке туура келбейт. Бала деген ата-энесин сыйлап, өз ордун билиши керек. Эркиндик деп жатып, азыр жоопкерчилик, ата-энеге болгон сый-урмат жоголуп баратат. Тил албай жатабы, анда-санда какыс-кукус кылып койгон оң. Албетте, чектен ашып баратса. Мага кыргызча, айылдын эле тарбиясы жагат. Балдарыма "мектепти жакшы окугула, билимдүү, зээндүү адам жерде калбайт" дей берем. Байкасаңыздар, эмнегедир айылдан келген балдар билимге суусап келет дагы, жакшы окуп, жакшы жерлерде иштешет. Көп нерсенин баркын билет. Шаардык балдар арасында да жакшы окуп, жашоодо өз ордун таап кеткендери көп. Бирок басымдуу бөлүгү даяр нерсеге көнүп алып, ошол нерсенин баркын билбей жашоого ыңгайлаша албай калгандар.
Э.Т.: — Мен баласаакмын, бошмун. Бирок бала деген психолог экен, жумшак адамга көнүп алып тоготпой да калышат экен. Ошондуктан Чыңгыз катуураак кармап туура эле тарбия берип жатабы деп ойлоп кетем. Албетте, дээринен, бирок тарбия да маанилүү. Мисалы, жолдошум үйдөн алган тарбиясы менен азыркыга чейин зымга тизгендей болуп жүрөт. Турмушка чыгып үйүнө барганда ата-энесинин берген тарбия-тартибин көрүп оозум ачылган. Ата-энеси балдарына колун да көтөргөн эмес, бирок балдары алардын көз карашынан эле баарын байкап жасашчу. Тартип кудум аскерлердикиндей. Эс алууга чыкканда бир айга айылга барабыз. Кайра кеткиче шашчумун. Анткени апабыз үйдү желдетем деп таңкы саат 5те бардык бөлмөнүн эшиктерин ачып кетчү. Элестетиңиздер, Нарында суук, таңкы саат беш. Тоңуп каласың. Анан Чыңгызга "эшикти жап, азыр тура албайм, айтчы" деп ыйлачумун. Мен андайга көнгөн эмесмин да. Өзүм келин болуп айта албай, анан Чыңгыздан суранчумун. Бирок айла жок турчубуз. Саат 5те баары туруп, саат 7де дасторкон четинде самоорду кайнатып отуруп калышчу. Булардын тарбиясы ушундай эле. Менин деле атам катуу болчу, бирок апам эркин кармап оюбуз менен болгондуктан кийин жашоодо көп кыйналдым. Көзүңдү карап өстүргөндө жашоого даяр болбой калат экенсиң. Шаарга келгенде ар кандай адамдар болот. Бирөө катуу айтып, туура эмес карап койсо эле ыйлай берчүмүн. Турмушка чыкканда да аябай жүдөгөм. Азыр кызыма сабак болсун деп "көп нерсе жасаганды үйрөнүп алып бар, мендей болуп кыйналасың" деп айта берем.
Жолдошум болсо ошол алган тарбия менен азыр өзүнө тың. Эртең менен бизди ойготуп жатып чарчаган (күлүп). Туруп, өзүнүн курсагын тойгузуп жумушка кетип калат. Бирок үйгө кечинде жумуштан келгенде тамак белен болушу керек.
— Жубайлардын бир тармакта болгону жакшыбы же кемчиликтери көппү?
Ч.М.: — Үй-бүлөдө жубайлардын бир тармакта болгону абдан эле жакшы. Сүйлөшө турган темаң бир, түшүнүшүү көбүрөөк болот. Мисалы, Элмира экөөбүз үйгө келгенде ролдорубузду талкуулап, бири-бирибизге сын-пикир айтып, кемчиликтерди толуктап турабыз. Актер актердун жашоосун жакшы түшүнөт дегендей. Айтор, экөөбүздүн тең чыгармачыл чөйрөдөн болгонубуз өзүбүзгө жагат, ыңгайлуу.