"Айга-күнгө теңегис". Издешпей табышкан Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова

© Sputnik / Асель СыдыковаТеатр өкүлдөрү Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова
Театр өкүлдөрү Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
"Издешпей табышкандар" — Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы рубрикасы. Анда чыгармачыл, эл көзүндөгү жуптардын сүйүү баяны, үй-бүлөдөгү баалуулуктары, чыгармачылыгы, балдары тууралуу сөз болот.
Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова — экөө тең театр өкүлдөрү. Иштин көзүн билген, тасма, спектаклдерди көркүнө чыгарган жубайлар Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын коногу болду.
— Сиздерди мыкты актер, актриса катары тааныйбыз. Тагдыр табыштырган күндү эстеп айтып бербейсиздерби?
Илим Калмуратов: — Билинбей Гүлжамал экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 20 жыл болуптур. Эки уулдун ата-энеси болдук. Гүлжамал Арсен Өмүралиев атындагы театрда эмгектенсе, мен "Учур" театрындамын.
Эки актерду чыгармачылык табыштырган. 2001-жылы Москвадагы окууну бүтүп келдим. Ал учурда келинчегим да бул жактагы театралдык окууну жаңы аяктаган кези экен. Гүлжамал менен Эгемендик майрамына даярданып жүрүп сахнадан таанышканбыз. Шар жүргөн ачык-айрым кызды көрүп, кантип жактырып калганымды өзүм деле билбей калдым. Сүйлөшүп, жылдызыбыз келишкенден кийин баш коштук.
Гүлжамал Мамытбекова: — Илим экөөбүз Эгемендиктин 10 жылдыгында тааныштык. Бирок жыл өткөрбөй эле үйлөнгөнбүз. Ал да өзүнчө бир окуя. Илим менин колумду 5-февралда сурап 12-февралда айылга кетебиз деген. Сүйлөшүп жүргөндүктөн дароо эле макулдугумду бергем. 12-февраль деп жыргап жүргөм. Бир күнү ага жетпей эле жумушка Илимдин теңтуш баласы Тата Улан келип калыптыр. Анда мен спектаклге даярдык көрүп жаткам. "Гүлжамал, Илим катуу ооруп жатат, кеттик" деп калды. Чочуп кетип жетекчиликке түшкү тамакка чыгып келейин деп аны менен жөнөдүм. Барсак Илим кычырап кийинип алып мени күтүп турат. "12-февраль деп жатпадың беле" десем, автоунаа бүгүн табылып калды деп эле Ак-Талаага алып жөнөдү. Жанында кесиптеш, достору да сүрөп алышкан. Ошентип ак көйнөгү жок эле же ала качкан, же сүйлөшүп кеткенимди билбей Ак-Талаага келин болуп барып калгам. Илимдин классташтары кызды ак көйнөк менен укмуш кылып алып келет деп күтүшүптүр да. Мен болсо шым менен эле кирип баргам.
И.К.: — Негизи теңтуш балдарымдын көбү эрте үйлөнгөн. Ошол эле Элмирбек менен Гүлбү. Алар мени Илике деп коюшчу. Гүлжамал менен сүйлөшүп жүргөндө алардын үйүнө көп барчубуз. Дайыма Гүлжамал тууралуу жакшы пикирлерин айтып калышчу.
© Sputnik / Асель СыдыковаКалмуратов: билинбей Гүлжамал экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 20 жыл болуптур
Актер театра Илим Калмуратов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калмуратов: билинбей Гүлжамал экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 20 жыл болуптур
Келинчегим экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн учурда Шекербек Адылов деген досума троллейбустан кезигип калдык. Жанымда Гүлжамал бар болчу. Аны көрүп эле Шекербек "Эй Илим, Гүлбүгө окшош экен, муну кайдан таап алдың" дейт. "Жарайбы" десем "жарайт, жарайт" дегени эсимде. Айтор, досторумдун Гүлжамал тууралуу айткан жакшы пикирлери менин тандоомду дагы бир жолу бекемдеген.
Г. М: — Мен турмушка чыгып келгенден кийин агайым Арсен Өмүралиев "ай, сен элек сурап кетип эле эрге тийип кеттиң го" деп тамашалады эле. Айылда көпкө турган жокпуз, төрт күндөн кийин эле кайра шаарга келдик. Анан Илим 20 күнгө гастролго кетип калып, мен күйөөгө тийгенимди деле түшүнбөй калгам.
— Аял кишилер негизи универсалдуу калк болот экен. Балага да, жумушка да, башкасына да жетишет. Гүлжамал эже, сизде бул жаатта кыйынчылык болгон жокпу, кантип баарын алып кеттиңиз?
Г.М.: — Албетте, жолдошумдун көмөгү менен. Мен жокто Илим карайт, Илим жокто мен карайм. Бирок биз элчилеп балдарды театрга көп алып барган жокпуз. Экөөбүз эки башка театрда иштегендиктен графиктерибиз дал келчү эмес. Анын үстүнө биз кеч балалуу болдук. Илим мурдагыдай гастролго көп чыкпайт, менин съемкаларым болгон учурда балдары атасы менен калат. Мындан улам бул жаатта өтө деле кыйналган жокмун.
© Sputnik / Асель СыдыковаМамытбекова: Илим экөөбүз Эгемендиктин 10 жылдыгында тааныштык. Бирок жыл өткөрбөй эле үйлөнгөнбүз
Актриса театра Гулжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мамытбекова: Илим экөөбүз Эгемендиктин 10 жылдыгында тааныштык. Бирок жыл өткөрбөй эле үйлөнгөнбүз
— Жолдошуңуз үйдө кандай ата, кайын журтка кандай күйөө бала?
И.К.: — Жакшы суроо экен. Ии, Гүлжамал, айтчы, угайын. "Айга-күнгө теңегис..." деп баштай бер.
Г.М.: — Илим боорукер ата. Аны менен жашоо жеңил. Съемкалар болгондо кээде балдарды атасы менен 3-4 күнгө чейин таштап кетип кала алам. Сарсанаа болбойм, анткени Илим балдарга каалаган тамагын жасап берип аябай жакшы карайт. Жолдошум мээримдүү, ошол кезде эле балдар атасынан сестенип турушат. Колунан баары келет, иштерман, жөн жатпайт.
Кайын журтуна да кадырлуу, апамдын сүйүктүү күйөө баласы. "Баарын билет, кыраакы" деп апам Илимди жакшы көрөт. Жакшы сапаттары аябай көп.
Актёр Жолдошбек Жанжигит уулу менен келинчеги, актриса Анара Ажыканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Бир көрүп сүйгөм. Издешпей табышкан Жолдош Жанжигит уулу менен Анара Ажыканова
— Гүлжамал эже да сизден кем калбаган мыкты кожойке болсо керек?
И.К.: — Гүлжамал мыкты жар. Аны тандаганыма эч өкүнбөйм. Гүлжамалдын көп нерсеси апама окшош. Апам иш билги, колунан көөрү төгүлгөн уз, ачык-айрым аял, айылдагы алдыңкы мугалимдердин бири болчу. Ошол касиеттер келинчегимде бар. Гүлжамал шайдоот, жөнөкөй, киши менен жеңил эле тил табышып кеткен, жоктон бар кылган сарамжалдуу, айлакер аял. Ыраазымын. Апамдагы сапаттар Гүлжамалда бар экенин көрүп эле жактыргам. Анан сулуулугун карабайсыңарбы, таланттуу дагы актриса.
— Гүлжамал эженин кинодогу ролдору өзгөчө го. Айрыкча "Боз салкын" тасмасында урушчаак жеңенин образы менен эсимде калыптыр.
Г.М.: — Негизи жасалмалуулукту жаман көрөм. Тасманын кастингине барганда жеңенин ролун аткарчулар жасанып, жоолуктарын үлбүрөтүп байлап, көкүлдөрүн чыгарып бир нерсе эле болуп жатышат. Аларды көрүп "айылдагы жеңелер жоолукту минтип тасырайтып эле байлашат" деп көрсөтүп кирсем Эрнест Абдыжапаров "туура, жөнөкөй, жашоодогудай болушу керек да" деп мени жактырып тандап алган.
Ошол учурда "Оймок арт" деген "Шоро" компаниясынын жарнамасына да кастингден өтүп кеткем. Ал жактан жакшы акча төлөп беришмек. Бирок эки жактын тартуу иштери дал келип калгандыктан чоң акчадан баш тартып "Боз салкынга" кеткем. Кийин Эрнест байкеге айтсам аябай таң калган.
© Sputnik / Асель СыдыковаКалмуратов: негизи теңтуш балдарымдын көбү эрте үйлөнгөн. Ошол эле Элмирбек менен Гүлбү. Алар мени Илике деп коюшчу
Актеры театра Илим Калмуратов и Гулжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калмуратов: негизи теңтуш балдарымдын көбү эрте үйлөнгөн. Ошол эле Элмирбек менен Гүлбү. Алар мени Илике деп коюшчу
— Илим байке, сизге Гүлжамал эженин кайсы образдары жагат? Бир чөйрөдө болгондон кийин бири-бириңерге баа берип, оңдоп-түздөп турсаңыздар керек.
— Театрдагы образдарынын баары жакшы. Гүлжамалдын органикасы жакшы, баарын жандуу, жеткиликтүү аткарат. Тасмага тартыларда көбү сулуу болуп көрүнүүгө аракет кылышат. Гүлжамалда андай жок. Эфир менен театр, эфир менен кинону айырмалай билиш керек.
— Илим байке да ролдорду ийине жеткире аткарат го. "Учур" театрынын актерлорунун үн коштогону да абдан жагат.
Г.М.: — Илим иштин майын чыгарган актер. "Учур" театрына 20 жыл болду. Ошол убакыттан бери дайыма башкы каармандардын образын жаратып келет. Бир ирет Эрнест Абдыжапаров менен бир катарда отуруп калдык. Илим башкы каармандын ролун жараткан спектакль болчу. Бүткөндөн кийин "Гүлжамал, мындай актерду кантип тарбиялайсың?" деп анын талантына баа берсе аябай сыймыктанган элем.
— Жубайлар ортосунда сый, ынтымак бекем болуш үчүн эмне маанилүү деп ойлойсуздар?
И.К.: — Жубайлар бири-биринин жеңилин жерден, оорун колдон алганды билиши керек. Мисалы, "мен эркекмин, тамагыңды бер, үйүңдү шыпыр" деп жата бербей жардам берген жакшы. Анткени үй-бүлө аялга эле эмес, эркекке да керек. Гүлжамал жокто үйдө балдарга мен ата да, апа да болушум керек. Мен жок болуп калсам Гүлжамал менин ролумду кошо аткарат. Бул жерде бөлүнүп, тирешүүнүн кажети жок.
Г.М.: — Ортодо сыйыбыз кетпесин десеңер бири-бириңерге болгон ишенимди жоготпогула. Анткени сый, ынтымак ишеничтен келип чыгат. "Сеники, меники" дебей жашаган жакшы. "Аялдын иши, эркектин иши" дей берсең анда сөзсүз урушасың.
© Sputnik / Асель СыдыковаКалмуратов: жубайлар бири-биринин жеңилин жерден, оорун колдон алганды билиши керек
Актеры театра Илим Калмуратов и Гулжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калмуратов: жубайлар бири-биринин жеңилин жерден, оорун колдон алганды билиши керек
И.К.: — Биз азыркы тапта там салып жатабыз да. Жетишпей баратсам Гүлжамал цементин ташышып же дагы бир нерсесин кармашып жардам бере калат. Үйгө конок келе турган болуп, келинчегим жетишпей баратса мен деле жардам бере калам. Анын эмнеси бар экен? Айрымдар "аялдар үйдө отурсун, баарын эле өзүм табам" деп чоң жүктү өзүнө алып алат. Бирок мен анте албайм, биринчиден, театрда иштеген жалгыз адамдын акчасы эч нерсеге жетпейт. Экинчиден, мен аялымды үйгө отургузуп алып эмне кылам? Бул да бир кесиптин ээси болгон. Бирок аял киши болобу, эркек болобу, иштегенден кийин үй-бүлөлүк казынасы бир болгону жакшы деп ойлойм.
Диктор Мирзат Муканов менен жубайы, алып баруучу Айзуура Иманалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Издешпей табышкан Мирзат менен Айзуура: жаш болсок да баштан көп нерсе өттү
Г.М.: — Ооба, касса бир болушу керек. Кээ бир адамдарды көрөбүз. Аялы тапканын өзүнө жумшайт, эркек өзүнө жумшайт. Анда кантип жашоо болсун? Аял менен эркек эки мамлекет болбой баарын кеңешип, ачык сүйлөшүп жасаса уруш-талаш деле чыкпайт деп ойлойм.
И. К.: — Үй-бүлөлүк казына бир, идея бир, максат бир болбосо, анда үй-бүлө чачырап кетпейби. Ынтымак, ишенич жок жерде жашоо да болбойт. Канча тапсаң да акчанын берекесин берсин деш керек. Аялым экөөбүз айына 30-35 миң сом тапсак, айрым теңтуштар жумасына андан көп табат. Анан бизден "баарына кантип жеткиресиңер" деп сурай беришет. Акча деген ушул экен деп чача бербей, аны туура багытка сарптаса болот.
— Казан-аяк кагышканда кырдаалдан кантип чыгасыздар?
И.К.: — Бат урушуп, тез эле жарашып алабыз.
Г.М.: — Урушпаган үй-бүлө жок болсо керек. Айрыкча жаш кезде болор-болбоско эле казан-аяк кагыша берет эмеспи. Биз эки башка театрда иштегендиктен мен Илимди кызгана берчүмүн. Убакыт өткөндөн кийин ал нерсе деле калды. Тескерисинче, акылдашып, ынтымакташып оокат кылып калат экенсиң.
© Sputnik / Асель СыдыковаКалмуратов: "мен эркекмин, тамагыңды бер, үйүңдү шыпыр" деп жата бербей жардам берген жакшы. Анткени үй-бүлө аялга эле эмес, эркекке да керек. Гүлжамал жокто үйдө балдарга мен ата да, апа да болушум керек
Актеры театра Илим Калмуратов и Гулжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калмуратов: "мен эркекмин, тамагыңды бер, үйүңдү шыпыр" деп жата бербей жардам берген жакшы. Анткени үй-бүлө аялга эле эмес, эркекке да керек. Гүлжамал жокто үйдө балдарга мен ата да, апа да болушум керек
И.К.: — Азыр Илимди ким карамак эле деп кой (күлүп).
Ата-энем өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеген. Жумушка дайыма чогуу ээрчишип барып-келишчү. Анан пенсияга чыккандан кийин атам кышкысын үйүбүзгө көп келер эле. Бир күнү Гүлжамалдын мага "экөөбүз бир жерде эле иштейличи" деп айтып жатканын угуп калыптыр. Кемпири менен дайыма жетелешип жүргөн атам мен жумушка кеткенде "Гүкүбай, мен Илимдин театрына барып "чогуу иштегиле" деп айтып, экөөңдү бир театрда иштетем" дептир. Экөөбүздүн эки башка жакта иштегенибиздин жөнү бар эле. Театр сыртынан жакшы көрүнгөнү менен ичинде ар түрдүү интрига болот, актерлордун баары эмоционалдуу. Анан ошондой учурда сөз тийип кетиши ыктымал. Мындайда кантип карап тура аласың. Көп эле жубайларды көргөндүктөн "кой, өзүнчө эле иштейли" дечүмүн. Аялымды коркунучтан, ар түрдүү кептен алыс кармагым келчү. Анын үстүнө сый болосуң.
Г.М.: — Мурда мен Илим менен "Учурда" иштегим келсе, азыр жолдошумдун ошондогу чечимине кубанам. Арсен Өмүралиев атындагы театрда азыр жаңы спектаклдер коюлуп, имаратыбыз оңдолуп, айтор, жакшы иштеп жатабыз. Ар жуманын аягында репертуар болот. Кудайга шүгүр.
— Уулдарыңар чыгармачылыкка жакынбы?
И.К.: — Азыр алар жаш. Улуусу көп кызыкпайт, кичүүсү таланттуу. Кийин кайсы тармакты тандоону өздөрү чечет. Тоскоол болбойбуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0