Россиядан баш тартып Украина эмнеден утулду. Януковичтин кайрылуусу

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүУкраинанын экс-президенти Виктор Янукович. Архив
Украинанын экс-президенти Виктор Янукович. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Экс-президент Украина эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында толугу менен АКШ — Россия мамилесинен көз каранды болуп калганын белгилеген.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. 30 жылдык тарыхтын эң башкы катачылыгы — Россияга болгон ишенимдин акталбай калышы эмес, аны менен ынак коңшулук мамиледен баш тартуу болгон. Бул тууралуу Украинанын экс-президенти Виктор Янукович өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата элине кайрылуу жолдоп жатып билдирди.

Анын айтымында, Москванын Майданда тургандарды бооруна тартышы чын-чынына келгенде карама-каршылык жана конфронтациядан кабар берип турган белги эле. Янукович мындай кырдаал эмнеге алып келди деп суроо салган.

"Акыры согуш башталып, украина коомчулугу бөлүнүп-жарылып, социалдык олку-солкулукка, экономикалык каатчылыкка, улутчулдардын баш көтөрүүсүнө, оппозициянын артынан түшүп, жакпай калган телеканалдардын жабылышына кептеди. Анын кесепетинен күчтөп украинизациялоого макул болбогон Донбасстын жарандарына Россияга кетүү сунушталып, ал эми Крымдын тургундарын "утурумдук конок" деп жатышты", — дейт Янукович.

Экс-президент Украина эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында толугу менен Америка-Россия мамилесинен көз каранды болуп калганын белгилеген.

Государственные флаги России и Украины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Янукович: Россия менен байланыш Украинаны социалдык коллапстан куткарган
"Азыр өлкө АКШ менен Россиянын мамилеси мындан да начарлап кетсе деп турат. Бул эки мамлекеттин тең кызыкчылыгына жооп бербейт. Кабыл алууга канчалык оор болсо да бул кашкайган чындык. Мунун акыры эмне менен бүтөт? Анткени бардык нерсе аяктайт эмеспи. Россия менен чектешкен жерге дубал куруп алабызбы? Же Батыштан антпей турганын билип туруп Украинаны ЕБ менен НАТОго киргизүү талабы менен тажатууну улантабызбы?" — деп суроо салган Янукович.

Экс-президент Мекенинин мааракесинин алдында ушундай оор суроолорду жаңыртып жатышы өзүнө да катуу тийип жатканын белгилеген. Муну менен бирге анын президенттигинин тушунда да кемчиликтер кеткенин, айрым учурда олуттуу катачылыктар болуп келгенин кошумчалаган.

"Ошентсе да Украинада тынчтык өкүм сүрчү, Европадагы аймагы эң чоң өлкө эле. Жарандары жакшы турмуш издеп чет мамлекетке жапырт кеткен эмес, элинин саны мынча тездик менен кыскарган эмес. Украиналыктар эне тилинде эркин сүйлөп, камалып кетем деп корккон эмес. Ашып-ташып кетпесе да азыркыдай жакырчылык жок эле", — деди ал.

Сөзүнүн аягында Янукович абал акыры жакшы жагына ооп, жашоо турукташарына ишенерин билдирген. Анын айтымында, бул үчүн элге көп нерсенин кереги жок: болгону шайлоодо мамлекетти чындап башкара турган, экономика мыйзамдарын билген, адамдын эне тилинде сүйлөө укугун баалаган адамды тандап алышы керек.

Кайрылуунун текстин орус тилинде окусаңыз болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0